Түрк басма сөзү-20.12.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1110524
Түрк басма сөзү-20.12.2018

«Ватан» гезити «Минстр Сойлу жарыялады; быйыл 347 террордук кыймылга бөгөт коюлду» аттуу маалыматында ички иштер министри Сүлейман Сойлунун быйыл 347 террордук кыймылдын ишке аша электе бөгөт коюлганын айтканын баяндаган. Сойлу кечээ Анкаранын Кызылжахамам районундагы бир мецманканада өткөн «террор менен күрөшүү кеңсесинин директорлорунун баа берүү жана анализ семинарынын» ачылыш программасында сөз сүйлөп, «Жикчил террордук уюму ПККга кошулуу тарыхынын эң төмөнкү деңгээлинде. Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) бардык кабарлашуу желелери, ByLockтон тартып таксофон системаларына чейин бардыгы талкаланды. Өткөн жылда бардыгы 697 террордук кыймылга боло электе бөгөт койгонбуз, быйыл 347» деген маалыматты берди.

«Сабах» гезити «Түркия, жаратылыш газ соодасынын борбору болот» аттуу маалыматында Энергетика базарын жөнгө салуу мекемесинин төрагасы Мусафа Йылмаз, Түркиянын жаратылыш газ соода борбору болушу үчүн иштер уланып жатканын белгилеп, «Энергетика биржабыз да ишке кирди. Кыска мөөнөттө 3 Европа өлкөсүнөн (Португалия, Румыния жана Болгария) дагы көп соодага тема болду, келечектен үмүттүмүн»,-деп айтканын баяндаган.

«Стар» гезити «Түркия жергиликтүү учактар үчүн «улуттук сертификат системасын» курат» деген маалыматында Түркия улуттук тик учак, согуштук учак жана учкучсуз учуучу аппарат үчүн улуттук сертификат системасын куруп жатканын маалымдаган. Түркиянын аскердик авиация башкармалыгынын долбоору Улуттук коргонуу министрлигине сунушталды. Түркия «көз арандысыз лицензия жана сертификатка ээ болбогону үчүн F-35 учактары үчүн өндүргөн жүздөгөн тетикти АКШлык Lockheed Martin маркасы астында сертификаттандырчу. Бул көз карандылык өндүрүлгөн тетиктердин үчүнчү өлкөлөргө сатылышын татаалдаштырчу. Хүркуш жана Хүржетди да сертифаттандыра турган Түркиянын аскердик авиация башкармалыгы менен коргонуу экспорту артат.

«Хабер түрк» гезити «Түркиядан Европага 1,4 миллиард байпак экспорттолду» аттуу маалыматында Түркия, жылдын 10 айында экспорттогон 1,4 миллиард байпактан 898,8 миллион доллардык киреше тапканын жазган. Бул мезгилде эң көп байпак Улуу Британия, Германия, Франция, Нидерландия жана Испания сыяктуу Европа өлкөлөрүнө сатылды. Байпак экспортунан эң жогорку киреше 215,3 миллион доллар менен Улуу Британиядан түштү.

«Хүррийет» гезити «Халылы хан туристтердин фотосүрөт студиясына айланды» деген маалыматында Невшехирдин Гөреме жергесинде рестоврация кылынып килем сатуучу дүкөнгө айландырылган 450 жылдык тарыхый сарай, туристтердин учурай турган жерине айланганын жазган. Дубал жана төбөсү толугу менен эски килемдер менен капталган сарай, социалдык медиада сүрөт бөлүшкүсү келгендердин тандаган жерине айланды.

 

 

 



Тектеш кабарлар