Түрк басма сөзү 21.11.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1092244
Түрк басма сөзү 21.11.2018

«Хабер түрк» гезити «Кандил жана Метинада террорго оор сокку урулду» деген кабарында түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүндөгү Кандил жана Метина аймактарына 2018 -  жылдын 20 -  ноябрында жүргүзүлгөн аба операциясында 5 террористтин жок кылынгандыгын жазган. Түрк куралдуу күчтөрүнөн берилген маалыматта операцияда жикчил террордук уюмга таандык курал буктурмасы, ок  - дары сактоочу жерлердин да жардырылгандыгы билдирилди.

«Йени шафак» гезити «Акар менен Шойгу жолугушту : ылдам кыймыл кылышыбыз керек» деген кабарында улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен Улуттук Чалгындоо Уюмунун төрагасы Хакан Фидандын Орусияга баргандыгын жазган. Акар менен Фидан Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу жана башка жетекчилер менен жолугушту. Акар менен Шойгу жолугушуусунда аймактык темалар менен бирге Сочиде кол коюлган макулдашуудан кийин Идлибдеги акыркы абалдын да каралгандыгы билдирилди. Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу : «Сириядагы абал эки өлкөнүн да ылдам кыймыл кылышын талап кылууда»,- деди.

«Сабах» гезити «Министр Берат Албайрактан 22 -  эл аралык иш форумунда маанилүү билдирүү» деген  кабарында казына жана каржы министри Берат Албайрак 22 -  эл аралык иш форумунда сөз сүйлөгөндүгүн маалымдаган. Албайрак : «Август, сентябрь айы мыкты өттү. Октябрь айында бардык мезгилдердин рекордуна жете турган сан чыгышы мүмкүн»,- деди. Албайрак Түркиянын эң ишенимдүү өлкө экендигин да белгиледи.

«Хүррийет» гезити «Эл аралык Эмми сыйлыктарында түрк сериалдары» деген макаласында АКШнын Нью – Йорк шаарында өткөрүлгөн Эл аралык Эмми сыйлыктарын тапшыруу аземинде кызыл килемде түрк чыгармалары менен актерлор абдан чоң кызыгуу көргөндүгүн жазган. Бул жылы 46 -  өткөрүлгөн жана телекөрсөтүү тармагында эң престиждүү сыйлыктардын бири катары кабыл алынган Эл аралык Эмми сыйлыктары ээлерине тапшырылды. Финалга катышкан түрк чыгармалары менен актерлор кечеде сыйлык ала албаса да кызыл килемде чет элдик басма сөз жана катышуучулардан чоң кызыгуу көрдү.

 

 

 



Тектеш кабарлар