Түрк басма сөзү  19.11.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1090605
Түрк басма сөзү  19.11.2018

«Сабах» гезити «Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу АКШда» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун Нью  - Йорктогу БУУнун Цивилизациялар Биримдигинин 8 -  Глобалдык форумуна катышуу үчүн АКШга кеткендигин жазган. Мевлют Чавушоглу Түркиянын АКШ менен болгон карым  - катнаштарын 20 -  ноябрда борбор шаар Вашингтондо АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен карап чыгарын айтты.

«Хүррийет» гезити «Министр Акардан орчундуу жолугушуу» деген маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акар Галифакс эл аралык коопсуздук форумуна катышуу үчүн барган Канаданын Галифакс шаарында АКШнын башкы штабынын төрагасы, армиянын генералы Жосеф Данфорд менен жолугушту. Министр Акар жолугушууда : «ПКК жикчил террордук уюмунан эч бир айырмасы болбогон террорист ЙПГнин АКШ аскерлери менен бирге отуруп  - турууларынын, кызматташууларынын ылайыктуу эмес экендигин жана бул карым  - катнаштарды эртерээк токтотуу жагдайын дагы бир жолу айттык.  Бул кабыл алынгыс көрүнүштөрдүн кайталанбашы тууралуу эскертүү менен бирге алардан күтүүлөрүбүздү ортого салдык»,- деди.

«Ватан» гезити «Орусиядан Түркия тууралуу маалымат! Рекордго жетебиз» деген кабарында Орусиянын энергетика министри Александр Новак Орусия жана Түркиянын экономикалык кызматташуусу менен байланыштуу маанилүү маалымат бергендигин жазган. «Түрк Агым сыяктуу долбоорлор экономикалык кызматташуубуздун негизин түзөт»,- деген Новак : «Бул жылы Түркияга барган орус турист санында рекордго жетебиз»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Түрк неврологдон табылга» деген макаласында Германиядагы Людвиг Максимилиан университетинде лабораторияда эмгектенген түрк невролог, доктор Али Эртүрк ‘DISCO тунуктугу» деп атаган патенттүү методу менен чычкандын денесин пластикадай катуу абалга алып келүүдө ийгиликтүү болгондугун жазган. Бул метод менен шал, шекер оорусу жана рак сыяктуу оорулардын микроскоп астындагы иликтөөсү дагы кенен түрдө жасала алары белгиленүүдө. Эртүрк эмгегин АКШнын Сан Диего шаарындагы Неврология коомунун жыйынында билдирди. Бул технология ‘Nature’ журналы жана башка көптөгөн илимий журналдарда жарыяланды.

«Хабер түрк» гезити «Жан Өнжүдөн тарыхый ийгилик» деген кабарында түрк жарышчы Жан Өнжүнүн тарыхый бир ийгиликке кол койгондугун жазган. 15 жаштагы спортчу Мото 3түн акыркы этабы болгон Валенсия Гран  - Приде Мото Гран  - При категориясында жарышта жеңишке жетишкен эң жаш ысым болду. Жарышка төртүнчү орундан баштаган Өнжү кийинки жарыштарда лидерликке жогорулады жана карьерасынын биринчи Мото  3 чемпиондугуна жетишти.



Тектеш кабарлар