Түрк басма сөзү-15.11.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1088419
Түрк басма сөзү-15.11.2018

«Сабах» гезити «Эрдоган жана Путин Стамбулда жолугушуу өткөрөт» аттуу маалыматында 19-ноябрь дүйшөмбү күнү «Түрк агымы» жаратылыш газ кууру багытынын деңиздеги бөлүмүнүн бүтүрүлүшүнүн себебинен иш-чара өткөрүлө турганын жазган. Президент Режеп Таййип Эрдоган, азем үчүн Стамбулга келе турган Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Эрдоган жана Путин аземге Стамбулдан видео конференция ыкмасы менен катышат. Бүткөрүлгөндө 1100 км узундугу боло турган «Түрк агымы» жараталыш газ куурунун 937 чакырымдык бөлүмү деңизден өтөт. Бул багыт Орусиянын газын Европага ташыйт.

«Йени шафак» гезити «Түркия, Кашыкчы кылмышынын далилдерин Францияга берди» аттуу маалыматында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партиянын) катчысы Өмер Челиктин Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриандын Кашыкчы кылмышы аркылуу Түркияны бутага алган сөздөрү тууралуу жазылгандардын француз чалгындоосу менен бөлүшүлгөнүнө басым жасаганын баяндаган. Челик: «Кашыкчы кылмышы тууралуу жазылгандарды бердик. Франциянын тышкы иштер министринин сөздөрүн айыптайбыз. Жоопкерчиликсиз билдирүү болгон. Ушунчалык маалымсыздык таң калтырат. Француз тышкы иштер министри бул теманы байкабай эле болсо бул алардын маселеси. Өз чалгындоолорунан кабары жок»,деген серебин салды.

«Стар» гезити «Батыш Кара деңизде жаратылыш газ кендеринин бай запасы табылды» деген маалыматында Түркия, Жер Ортолук деңиз менен катар Кара деңизде дагы жаратылыш газ бургулоо иштерине даярдык көрүп жатканын маалымдаган. Кара деңизде "Барбарос" сейсмикалык изилдөө кемесинин жасаган изилдөөлөрүндө Батыш Кара деңизде жаратылыш газ кендеринин бай запасы белгиленди. Бургулоо иштери, Болгария менен Румыниянын деңиз чек араларынын Түркиянын деңиз чек аралары менен кесилишкен жеринде Дунай блогунда жасалат.

«Хүррийет» гезити «24 миң түрк лирасындай (ТЛ) айлык менен өлкөңө кайра кайт» аттуу маалыматында мээ көчүнүн кайра артка жүргүзүлүшүн камсыздоо үчүн башталган «Эл аралык лидер изилдөөчүлөр программасынын» шыктандыруулары жарыяланганын жазган. Буга караганда изилдениши үчүн 1 миллион түрк лирасындай башталгыч төлөм төлөнө турган илимпоздор, айына 24 миң түрк лирасындай стипендия алышат. Колдоолор жубай жана балдарды дагы камтыйт. Үй-бүлөнүн турмуштук чыгымына стипендия катары 2250 ТЛ ала турган изилдөөчөлөрдүн жубай жана балдары үчүн камсыздоо жана жол чыгымын төлөмдөр дагы камсыздалат.

«Ватан» гезити «Түркиянын алгачкы айдоочусуз метро багыты Европа биринчилигин алды» аттуу маалыматында Түркиянын алгачкы айдоочусуз метросу болуу өзгөчөлүгүнө ээ болгон Стамбулдагы Үскүдар-Үмрание-Чекмекөй метро багыты, Эл аралык коомдук транспорт биримдиги тарабынан Европада биринчиликти алганын жазган. Бир жолкуда 1620 киши ташуу көлөмүнө жеткен Үскүдар-Үмрание-Чекмекөй метро багыты бул жагынан дагы дүйнөдө үчүнчү орунду алды.



Тектеш кабарлар