Түрк басм а сөзү  06.11.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1082465
Түрк басм а сөзү  06.11.2018

«Хүррийет» гезити  «Президент Эрдогандан билдирүү» деген маалыматында Президент Р. Т. Эрдогандын жарандардын баарын жалпы саламаттыкты камсыздоо чатырынын астына алган бир гана өлкөнүн Түркия экендигин айтканын жазган. Эрдоган Стамбулда менчик бир мектептин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө : «Дүйнөдө жарандардын баарын жалпы саламаттыкты камсыздоо чатыры астына алган бир гана өлкө бизбиз. Буга Америка да кошулат. Алар эмдигиче саламаттык сактоо боюнча реформасын ишке ашыра элек»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Чавушоглу Японияда» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун Япониянын борбор шаары Токиодо Жакынкы Чыгыш изилдөө институту тарабынан уюштурулган «түрк тышкы саясаты жана Жакынкы Чыгыштагы актуалдуу абалдар» деген темадагы семинарда сөз сүйлөгөндүгүн билдирген. Чавушоглу Түркиянын Сирияда аянтта таштаган кадамдар менен бирге конституциянын да түзүлүшү үчүн башка актерлор менен жакын кызматташуу ичинде иштегендигин белгиледи.

«Стар» гезити «АНКА Индонезияда өткөрүлө турган жарманкеде көргөзмөгө чыгат» деген макаласында

Түрк авиация жана космостук өнөр жайы ТУСАШ Индонезияда боло турган жарманкеге катышат. ТУСАШтан берилген маалыматка караганда фирма борбор шаар Жакартада 7 – 10 -  ноябда өткөрүлө турган Indo Defence жарманкесине катышат. Андан мурда Индонезияда сүйлөшүүлөрдү өткөргөн ТУСАШ бул жолу түрк инженерлери тарабынан долбоорлонуп чыгарылган учкучсуз аба унасы АНКАнын макетин да жарманкеде көргөзмөгө чыгарат.

«Сабах» гезити «Жумуртка рекордго карай бара жатат» деген кабарында жумуртка экспорту жылдын 10 айында өткөн жылдын ошол эле мезгилине салыштырганда 18 пайызга өсүү көрсөтүп 354 миллион долларга чыкты. Жумуртка өндүрүүчүлөрүнүн борбордук биримдигинен  берилген маалыматта сектордун экспортунун жылдын акырында 425 миллион долларга жетери жана акыркы 10 жылдын рекордуна жетишилери белгиленди.

«Ватан» гезити «Антальяга келген турист саны 12, 5 миллиондон ашты» деген маалыматында Антальяга 1 -  январдан  31 -  октябрга чейин келген турист саны өткөн жылдын ошол эле мезгилине караганда 28 пайызга артып, 12 миллион 531 миңге жогорулагандыгын жазган. Бул жылы шаарга 4 миллион 624 миң орус турист келди. Антальяга эң көп турист жиберген экинчи өлкө Германия болду. Германиядан 10 айда жалпы 2 миллион 198 миң турист келди. Үчүнчү орунду болсо Украина алды.

 

 


 



Тектеш кабарлар