Түрк басма сөзү-1.11.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1079470
Түрк басма сөзү-1.11.2018

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдоган тарыхый долбоордун атын жарыялады» аттуу маалыматында Улуттук технологияны өнүктүрүү боюнча базистин ачылыш аземи президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусунда ишке ашканын жазган. Президент Эрдоган бул аземде маанилүү маалыматтарды берди. Президент Эрдоган: «Сипер деген ат менен башталган улуттук алыс аралыкка учуучу аймактык абадан ракеталык коргонуу системасынын пайдалуу болушун тилеймин. Алгачкы ракетанын тапшырылышы 2021-жылы ишке ашырылышы пландалууда»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Евфраттын чыгышын 2-бомбалоо; 4 террорист жок кылынды» деген маалыматында Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) бөлүктөрү тарабынан Шанлыурфа чек ара сызыгынан Сириянын Айн Эл Араб аймагына пушка атууларында террордук уюм ПЙД/ПККнын мүчөсү 4 террорист жок кылынып, 6 террорист жарадар болгонун жазган. Пушка атууларынын чек аранын ары жагында белгиленген террордук буталарга карай жана ал жерлерден келген атууларга жооп иретинде мыйзамдуу коргонуунун алкагында ишке ашырылганы белгилүү болду.

«Сабах» гезити «Тышкы соода көрсөткүчтөрү жарыяланды» аттуу маалыматында Түркиянын экспорту сентябрь айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 22,4 пайызга артып 14 миллиард 456 миллион долларга жеткенин жазган. Бул мезгилде тышкы соода кемчилиги 77,1 пайыз азаюу менен 1 миллиард 869 миллион долларга түштү. Түркиянын Статистика мекемеси менен Соода министрлиги тарабынан түзүлгөн сентябрь айына жана январь-сентябрь мезгилине байланыштуу убактылуу тышкы соода статистикалары жарыяланды. Экспорттун импортту жабуу катышы өткөн жылдын сентябрь айына салыштырмалуу 59,1 пайыз болсо, үстүбүздөгү жылдын тийиштүү мезгилинде 88,5 пайыз болду.

«Хабер түрк» гезити «Тарыхый каттам ишке ашты» деген маалыматында Стамбул аэропортунда алгачкы тарифтүү учуу Түрк аба жолдорунун (THY) Стамбул-Анкара катамы менен башталганын маалымдаган. Кечээ саат 11:33тө башталган алгачкы каттам 12:19да аяктады. ТК2124 каттам номери менен учкан учак саат 12:19да Анкарадагы Эсенбога аэропортуна конду.  Boeing 777 учагы менен ишке ашкан алгачкы каттам үчүн учуу уруксатын транспорт жана инфраструктура министри Жахит Турхан берди. Алгачкы каттамда 349 киши жол тартты. Түрк аба жолдорунун башкы директору Билал Экши, жол тартуунун алдында берген маалыматында 2019-жылдын 1-январынан тарта Стамбул аэропортунан толук кандуу тейлей баштай тургандарын айтты.

«Стар» гезити «Катар, Түркиядан чабуул кайыктарын алууга даярданууда» деген маалыматында Перс булуңунда радарга кармалбагыдай түрдө кичине жана ылдам катерлерди колдонушкан мыйзамсыз чек арадан өткөндөргө бөгөт болуш үчүн Түркиядан чабуул катерлерин алууга даярданганын жазган. Антальяда иш алып барган ARES  кеме куруучу жайы менен байланыш түзгөн Катардын ички иштер министрлиги саатына 65 деңиз милиндей ылдамдыкка жеткен 6 даана ARES 65 HARPOON атайын кыймыл катерлерин ала турганын билдирди.



Тектеш кабарлар