Түрк басма сөзү-25.10.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1075435
Түрк басма сөзү-25.10.2018

«Стар» гезити «Түркия, Эгей деңизинде жана Чыгыш Жер Ортолук деңизде укуктарын коргойт» аттуу маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Грециянын Эгей деңизинде Түркиянын укук жана кызыкчылыктарына терс чечим чыгарган учурунда буга каршы керектүү чараларды көрө тургандарын билдиргенин жазган. Чыгыш Жер Ортолук деңизде Түркиянын изилдөө кемесине Греция тарабынан опузалоо болгону жөнүндө сөз сүйлөгөн министр Акар: «Аймакта согуштук кемелерибиз керектүү коргоону камсыздоодо. Кайрадан опузалоо болушуна эч качан уруксат бербейбиз»,-деди.

«Сабах» гезити «Боинг жаңы муундагы учактар үчүн Түркиядан сатып алууларын арттырат» деген маалыматында дүйнөнүн эң ири жарандык жана аскердик учак менен тик учак жасап чыгаруучусу Боинг фирмасынын жаңы муундагы жүргүнчү учактарынын айрым тетиктеринин Түркияда жасалып чыкканын белгилеп, Түркиядагы 160 миллион доллардык сатып алуу көлөмүн арттыруу темасында чечкиндүү болгондорун билдиргендерин баяндаган. Түркия менен коргонуу тармагында айрым чоң программаларды жүргүзгөндөрүн белгилеген фирма, өлкөдө кеңири портфелге ээ болгондорун жана түрк өнөр жайчылары менен өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрүнө баа берүүсүн уланта тургандарын жарыялады.

«Ватан» гезити «Туризмде мурдатан резервациянын 5 миллиондон ашуусу күтүлүүдө» деген маалыматында Түркиянын Мейманканачылар федерациясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Осман Айык, туризмде 2019-жылга карай мурдатан резервация мезгилинин октябрь айынан тарта башталганын белгилеп, «Бул 2 айлык мөөнөттө мурдатан жасала турган резервация саны менен бирге 5 миллиондон кыйла аша турганыбызды ойлоодобуз»,-дегенин баяндаган.

«Йени шафак» гезити «Кытайлык ашпозчу Бурса анжирине суктанды» деген маалыматында тарыхый жана туристтик жерлерин кыдырып видео тыртыш үчүн Стамбулга келген кытайлык ашпозчу Николас Ценин Бешикташтагы бир базарда даамын көргөн дүйнөнүн эң сапаттуу анжири деп кабыл алынган Бурса карасына абдан суктанганын жазган. «Ушунчалык чоң, ушунчалык даамдуу анжир көрө элек элем»,-деп айткан кытайлык ашпозчу, өлкөсүндө бул анжирдин абдан көп желе турганын ойлогонун айтты.

«Хабер түрк» гезити «Түрк чыгарылышы «Ахлат тереги» тасмасы Оскарга талапкер» деген маалыматында алдыбыздагы жылда боло турган 91-Академия сыйлыктарында чет тилдеги эң мыкты тасма категориясына 87 кино кайрылганын маалымдаган. АКШда 2019-жылы 30-январда көрсөтүлө турган «Ахлат тереги» тасмасы дагы атактуу кинолордун арасында көрсөтүлүүдө. Режиссерлугун Нури Билге Жейлан кылган тасманын, Каннда Алтын Пальма үчүн жарышуусу, ар башка өлкөлөрдүн киносынчыларынын тасмага абдан чоң баа беришинин маанилүү мүмкүнчүлүк катары бааланууда.



Тектеш кабарлар