Түрк басма сөзү-18.10.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1071345
Түрк басма сөзү-18.10.2018

«Ватан» гезити «Президент Эрдоган маанилүү маалыматтарды берди» аттуу маалыматында Эрдоган, Молдованын президенти Игорь Додондун чакыруусу менен бул өлкөгө расмий сапар менен барганын жазган. Жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштар, аймактык маселелер жана ФЕТӨдөн баштап террор менен күрөшүү каралды. Эрдоган, эки өлкөнүн карым-катнаштары тууралуу эки мамлекеттик банк; Халк банк жана Айыл чарба банкынын же экөөнүн тең Молдовада кеңсе ача турганын жарыялады.

«Стар» гезити «Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу АКШлык кесиптеши менен жолугушуу өткөрдү» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Түркияга келген АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен жолугушканын баяндаган. Помпео менен жолуккан Чавушоглу, президент Режеп Таййип Эрдоганадын Манбиж үчүн АКШнын мамкатчысына «Сизде кыйынчылыктар бар болсо биз террористтерди тазалайбыз» деген пикирин угузганын маалымдады.

«Хүррийет» гезити «Түрк аба жолдору Анкара-Рим түздөн-түз каттамдарын 60 жылдык мөөнөттөн кийин кайра баштап жатат» деген маалыматында Италияга алгачкы каттамын 1959-жылы Анкара-Рим багытында ишке ашырган Түрк аба жолдору 60 жылдан кийин эки өлкөнүн борбор шаарынын ортосундагы каттамдарды кайрадан баштап жатканын баяндаган. 2019-жылы 7-январда баштала турган Анкара-Рим каттамдары жумасына 2 болот.

«Сабах» гезити «Түркия жана Орусиянын ортосундагы виза сүйлөшүүлөрү уланып жатат» деген маалыматында Түркиянын Москвадагы элчиси Хүсейин Дириөздүн Орусия-Түркия ишкерлер биримдигинин (RTİB) кожоюндугунда Москвада өткөн иш-чарада түрк-орус карым-катнаштарына сереп салганын баяндаган. Түркия жана Орусиянын ортосундагы экономикалык жана соода-сатык карым-катнаштарынын дагы өнүктүрүлүшү үчүн визасыз режимдин маанисине басым жасаган Дириөз: «Эки тараптуу визасыз тартиптин кайрадан күчүнө кириши үчүн иштерди улантуудабыз. Орусия менен виза темалары карала турган консулдук кеңешүүлөрүнүн кийинки жыйналышынын ноябрь айынын башында өтөт»,-деп айтты.

«Йени шафак» гезити «Түрк илимпозунун сыйлыктуу проекти ракты дарылоого үмүт болду» аттуу маалыматында Измирдин эл аралык Биотип жана Геном институтунун изилдөө тобунун лидери дц.др.Жан Күчүктүн учурдагы шарттарда «агрессив» ракка айлануу коркунучу божомолдонбогон эки «алдыңкы» оору боюнча жүргүзгөн долбоору дүйнөдө 8 илимпозго берилген «Глобалдык изилдөө сыйлыгына» ылайык көрүлгөнүн жазган. «Overt multiple myeloma» оорусун дарылоого үмүт болгон долбоор менен бир гана кан сыноосу жасалып анализдин дагы оңой абалга келтирилиши максатталууда.



Тектеш кабарлар