Түрк басма сөзү  16.10.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1069481
Түрк басма сөзү  16.10.2018

«Стар»  гезити «ИМФде Түркияга абдан маанилүү милдет» деген кабарында Түркия бир тараптан экономикадагы максаттарына жетүүгө аракет кылып, бир тараптан да эл аралык мекемелерде маанилүү милдетти аткарууну моюнга алып жаткандыгын жазган. Ушунун негизинде Эл аралык Акча Фонду ИМФнин негизинде экинчи жолу «Аткаруу директорлугу» кызматын алган Түркия 2020 -  жылдан баштап Дүйнөлүк банктын аткаруу директору болот.

«Хүррийет» гезити «Жаңы аэропортто 3 учак менен сыноо» деген маалыматында 29 -  октябрда Стамбул жаңы аэропортун ачуу иштери ылдамдык менен жүргүзүлүп жаткандыгын жазган. Аткарылган сыноолордун негизинде түрк аба жолдоруна таандык үч жүргүнчү учагы Стамбул жаңы аэропортуна конот.

«Йени шафак» гезити «Түркиянын алгачкы курал OSBсинде заводдор курулуп жатат»,- деген кабарында  Кырыккаледе 500 гектардык аянтка курула турган жана Түркияда алгачкы болуу өзгөчөлүгүнө ээ  Курал-жарактар адистештирилген уюшкан өнөр жай аймагында завод блоктору курулуп жаткандыгын жазган. Заводдо өндүрүш 2019 – жылдын 15 -  февралында башталат. Синергетикалык энергетика системасынын ээси Аднан Думан : «Заводдо машина жана химия индустриясы мекемесинин  жабдуучусу болгонубуз үчүн  негизги ок  - дары жана курал бөлүкчөлөрү, булардын астыңкы системаларын чыгарабыз. Эң башта да жөө аскер автоматы болгон MPT-76 жана  MPT-55 тин  бир топ долбоорун түзгөн продукциялар бар. Буларды өнүктүрүп MPT-76 жана MPT-55тин  негизги жабдуучуларынын бирөөсү болобуз»,- деди.

«Сабах» гезити «Түрк сериалдары Канн сериал жарманкесинде көрсөтүлдү» деген маалыматында түрк сериалдарынын Францияда кечээ ачылган сериал, кино, телекөрсөтүү жана продюссерлик жарманкеси MIPCOMда  110 өлкөдөн келген 5 миң алуучунун жактыруусуна сунушталгандыгын жазган. Стамбул соода кабинети ИТО тарабынан берилген маалыматка караганда Түркиядан жарманке үчүн соода делегациясы түзүлдү. Делегацияда сектордо иш алып барган 30 фирмадан 45 өкүл катышты. ИТО тарабынан жыл сайын болгондой эки тараптуу сүйлөшүү тармагы да түзүлгөн жарманкеде Түркиянын катышуусу менен экинчи жолу түрк анимация стенди курулду. Стендде анимация секторунан 8 фирма менен 12 өкүл бар. Жарманке 18 -  октябрга чейин ачык болот.

«Хабер түрк» гезити «Жан Өнжү Испанияда экинчи болду» деген кабарында Red Bull Rookies Cupта чемпион болуп абдан чоң ийгиликке жетишкен  15 жаштагы мотоциклист Жан Өнжү Испанияда өткөн ФИМ дүйнөлүк жаштар чемпиондугунун жетинчи жарышында экинчиликти алды. Дүйнөлүк жаштар чемпиондугунун акыркысы 25 -  ноябрда дагы Испанияда өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар