Түрк басма сөзү-20.09.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматар.

1053341
Түрк басма сөзү-20.09.2018

«Хүррийет» гезити «Стратегиялык өнөктөштүк инвестиция менен күчтөнөт» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын АКШлык фирмалардын Түркиядагы өкүлдөрүн Бештепеде кабыл алганын жазган. Эркин базар экономикасындагы карым-катнаштардан баш тартылбай турганын айткан Эрдоган: «Стратегиялык өнөктөштүгүбүз инвестиция жана соода менен күчтөнөт»,-деди.

«Ватан» гезити «Министр Акар жарыялады: 366 террорист жок кылынды» деген маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын террор менен күрөшүүнүн жыйынтыктарынын оң болгонун белгилеп өткөнүн баяндаган. Акар, Бештепедеги «Миллет» маданият жана конгресс борборунда президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусунда өткөрүлгөн Ардагерлер күнү аземинде сөз сүйлөп, акыркы 45 күндүн ичинде өлкө ичи жана чек аранын ары жагында жүргүзүлгөн чоң жана майда масштабдуу операциялар менен абадан жүргүзүлгөн операцияларда корбашчылары менен кошо бардыгы 366 террористтин жок кылынганын айтты.

«Стар» гезити «Варанк; Япония менен «Эркин соода» келишими боюнча сүйлөшүүлөр уланууда» аттуу маалыматында өнөр жай жана технология минисри Мустафа Варанктын Тышкы экономикалык байланыштар кеңеши өткөргөн 24-Түркия-Япония Ишкердик кеңешинин биргелешкен жыйналышында сүйлөгөн сөзүндө, Түркия жана Япониянын ортосунда тарыхы абдан байыркыга чейин жеткен достук бар экенин айтканын жазган. Япония менен инвестициялардын эки тараптуу шыктандырылышы жана корголушу боюнча келишимге 1993-жылы кол коюлганын эске салган Варанк: «Эми болсо бул келишимдин ордун ээлей турган жана инвесторлорго жаңы укуктарды тааныган эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат»,-деди.

«Сабах» гезити «Улуттук гибриттик локомотив Германияда көрсөтүлдү» деген маалыматында Эскишехирде иш алып барган Түркиянын Локомотив жана мотор өнөр жайы (TÜLOMSAŞ) менен Түркия Республикасынын Мамлекеттик темир жолдорунун транспорт жана аскердик электрондук өнөр жайы (ASELSAN) тарабынан жасалып чыккан жаңы гибриттик локомотиви, Германиянын борбор калаасы Берлинде Инно транс жаманкесинде көрсөтүлгөнүн жазган. Гибриттик локомотив, кандайдыр бир лицензиянын астында болбостон жасалып чыккан алгачкы жергиликтүү локомотив болушунан улам мааниге ээ. Бул долбоор менен Түркия, улуттук улуттук түрдөгү гибриттик маневр локомотивинин долбоору жана өндүрүшүн ишке ашырган, дүйнө бул технологияга ээ болгон 4-өлкө болуп саналат.

«Йени шафак» гезити «ТЕКНОФЕСТте улуттук согуштук учак таң калтыруусу» аттуу кабарында Түрк авиация жана космостук өнөр жайы, Стамбулдагы Авиация, космос жана технология фестивалынын (ТЕКНОФЕСТ) алкагында виртуалдык чөйрөдө ангарын көрүүчүлөргө ача турганын жазган. Түркиянын технология командасы (T3) фонду жана Стамбул Мэриясы тарабынан 20-23-сентябрь күндөрүнүн аралыгында Стамбулдагы Жаңы аэропортто ишке ашырыла турган фестивалда Түрк авиация жана космостук өнөр жайы бир топтон бери эмгектенип жаткан виртуалдык чындык ишке ашыруусун көрүүчүлөрдүн колдонуусуна сыныштайт. Виртуалдык көз айнек таккандар АНКА, Т625 тик учактары, Гөктүрк-2 спутниги, реактив билим берүүсү жана жакындан колдоо көрсөтүүчү учак Хүржет, жаңы муундагы баштапкы билим берүү учагы Хүркуш жана Атак тик учактары орун алган «виртуалдык ангарга» кирип кетет. Киргендер азырынча долбоор баскычындагы Улуттук согуш учагынын да чыныгы өлчөмдөрүнө кездешет.



Тектеш кабарлар