Түрк басма сөзү 03.09.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1042328
Түрк басма сөзү 03.09.2018

«Ватан» гезити «Катарлык 5 холдинг Түркияда инвестиция сала баштады» деген маалыматында Катар мамлекетинин 15 миллиард долларлык кыймылынан кийин өлкөнүн менчик сектору да багытын Түркияга бургандыгын жазган. Өлкөнүн 5 негизги холдинги биринчи этапта 300 миллион доллар үчүн аракетке өттү. Катар холдинг, Есса, Нора Рашит Ал Доосори, Ал Сумеити жана Рашит Ел Кубейсинин инвестицияларын башкарган Роял линк фирмасынын башкы директору Ахмет Хүсейин Ахмет Хасан Катарда инвесторлор менен алектене турган бир офистин курулушу менен менчик сектордон Түркияга келе турган инвестициянын 50 миллиард долларга жетиши мүмкүн экендигин айтты.

«Йени шафак» гезити «Биржадагы автомобиль фирмаларынын кирешеси 25 пайызга артты» деген маалыматында Биржа Стамбулда автомобиль секторунда иш алып барган 8 фирманын жалпы так кирешеси жылдын биринчи жарымында мурунку жылдын ошол эле мезгилине караганда 25 пайызга артып, 1 миллиард 748, 7 миллион түрк лирасына жетти. Автомобиль фирмаларынын жалпы активдүүлүгү экинчи чейректе 42 миллиард түрк лирасына жакындап, өз булактары болсо 10 миллиард түрк лирасын ашты.

«Стар» гезити «Улуттук тик учар уча турган күн белгилүү болду» деген маалыматында Түркиянын алгачкы тик учары Т  - 625 мотор тестин баштагандыгын жазган. Долбоору жана өндүрүшү жергиликтүү болгон тик учардын алгачкы учуу күнү 6 -  сентябрь. Т  - 625 моделиндеги тик учар кыйын климат жана аймактарда жогорку бийиктикте, жогорку ысыктыкта, түнү же күндүз, бардык шарттарда кызматын аткара ала тургандай түрдө чыгарылды. Тик учардын долбоорлонушунда жана өнүрүлүшүндө улуттук булактар колдонулду.

«Сабах» гезити  «Дүйнөнүн эң мыкты 7 жүрүш жеринин бирөөсү Түркияда» деген макаласында Мугланын Фетхийе районунан Антальяга созулган 540 километрдик, дүйнөнүн мыкты 7 узун аралыктуу жүрүш жери катары кабыл алынган Ликия жолу конокторуна теңдеши жок көрүнүшү менен тарыхый тереңдикти сунуш кылууда. Өлү деңиздин теңдеши жок панорамасы менен башталган тарыхый жол табият кереметтеринин арасынан заман туннелинен өтүп жаткандай сезимди жаратууда. Фетхийе менен Антальянын ортосунда Жер Ортолук деңизге карай кеткен Теке жарым аралы тарыхта Ликия деген ат менен аталат. Жарым аралда кээде тоолордун бийик жерлеринен, кээде пляждарынан, кээде да байыркы шаарларынан өткөн жалгыз аяк жолдор Ликия жолу деп талат.

«Хабер түрк» гезити «Анталья туризминде август рекорду» деген маалыматында Анталья август айында туризмде бардык учурлардын рекордуна жетишилгендигин жазган.

Өткөн айда (август) шаарга келген турист саны 2 миллион 150 миң 448 киши болгондугун жазган. 1 -  январь  31 -  август айларынын арасында шаарга келген турист саны болсо 30 -  августтан баштап 9 миллион 62 миң иши болду. Шаарга 2018 -  жылы жалпы 14 миллион туристтин келиши күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар