Түрк басма сөзү-14.08.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1032320
Түрк басма сөзү-14.08.2018

«Стар» гезити «Эрдоган; Түркия экономика жагынан курчоого дуушар болгон абалда» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Президенттик комплексинде 10-Элчилер конференциясынын катышуучуларына берилген түшкү тамагында сүйлөгөн сөзүндө АКШнын президенти Дональд Трмаптын санкция киргизүү чечимин чыгарып опсуз жосун көрсөткөнүнө басым жасаганын жазган. Эрдоган, Түркиянын акыркы жылдарда ээ болгон эл аралык жеңиштердин себебинен бутага алынганын айтып, акыркы убактарда Түркиянын башка тармактарда болгону сыяктуу экономикада дагы курчоого алынганын белгилеп өттү.

«Хабер түрк» гезити «Калын: Түрк экономикасынын курамы бекем» аттуу маалыматында Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калындын социалдык медиа түйүнүндөгү барагынан экономикалык өнүгүүлөр тууралуу билдирүүлөрүн бөлүшкөнүн маалымдаган. Калын билдирүүсүндө буларга орун берди: «Казына жана каржы министрлиги, Борбордук банк, Банкчылык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мекемеси, Капитал базары мекемеси жана башка мекемелерибиз, финансылык ырааттуулук үчүн керектүү кадамдарды таштоодо. Түрк экономикасынын курамы бекем. Эч ким спекуляциялык маалымат жана кыймылдарга кулак салбасын. Түркия бул процесстен күчтөнүп чыгат».

«Сабах» гезити «Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Түркияга инвестиция чакырыгы» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун 10-Элчилер конференциясынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө: «Бүгүнкү күндө Түркиянын дээрлик жарымы Европа материгинде болуп ар башка материктерден бардыгы 74 өлкөдөн эл аралык инвестиция алууда. Андан көбүн өлкөбүзгө тартыш үчүн бардыгыбыз чогуу иштөөнү улантабыз. Бүткүл дүйнөнү өлкөбүзгө инвестиция салууга дагы бир жолу чакырамын. Ар түрдүү акция, жаман ой жаратуу операциялары, дүйнө жүзү өткөрүп жаткан татааал сыноолорго карабастан Түркия бүгүнкү күндө инвестиция салыш үчүн эң коопсуз, эң туура адрестерден бири»,-деп айтанын баяндаган.

«Йени шафак» гезити «Албайрак; Германиянын жарыялоосуна ыраазы болдук» деген маалыматында казына жана каржы министри Берат Албайрактын: «АКШнын Түркияга багыттаган акыркы кыймылдарына каршы Германиянын экономика министринин жарыялоосуна ыраазы болдум»,дегенин берген. Албайрак: «Жакшы ниет жана дипломатияны жактаган саясатчылар, Германия жана ЕБ менен карым-катнаштарыбызда түрк калкынын ишенимин арттырат»,-деди. Немис өкмөтү: «Түрк экономикасынын ырааттуу болушу биздин да кызыкчылыгыбыз үчүн жарайт, абалды байкап жатабыз»,деп жарыялаган.

«Хүррийет» гезити «Ирактык туристтер эң көп Түркияны тандашат» деген маалыматында Түркия, тарыхый жана жаратылыш кооздуктары менен күн өткөн сайын ирактык туристтерди дагы көп тартканын маалымдаган. Ирактын өзгөчө түштүк облустарынан Керкүк жана Эрбилге келип, туризм фирмалары уюштурган турларга кошулган жана Түркияны тандаган турист санында күнүгө өсүү болуп жатат. Керкүктө ишин жүргүзгөн туризм фирмасынын уюштуруучусу Хидает Мехди, июндан бери бир гана Керкүктөн күнүгө эң аз 500 туристтин Түркияга кеткенин айтты.



Тектеш кабарлар