Түрк басма сөзү 13.08.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1031149
Түрк басма сөзү 13.08.2018

«Хүррийет» гезити «Оюнуңузду көрдүк жана жеңип чыгабыз» аттуу макаласында президент Режеп Таййип Эрдоган Трабзондо АК партиянын тилектештик кеңешинде маанилүү билдирүүлөрдү айтканын жазган. Президент Эрдоган: «Трабзондон жарыялап жатамын, оюнуңузду көрдүк жана жеңип чыгабыз. Сиз доллар менен келсеңиз биз башка жолдор аркылуу ишибизди улантуунун жолдорун табабыз. 81 миллиондук өлкө менен болгон стратегиялык өнөктөштүгүн террордук уюмдар менен өнөктөштүгүнө алмаштыргандарга кана жакшы баргыла дейбиз»,-деди.

«Ватан» гезити «Москавадан айрым түрк жарандарына виза жеңилдиги» деген маалыматында Орусиянын Тышкы иштер министрлиги, түрк жарандарына карай айрым категорияларда визалардын жоюлушуна даяр экендиктерин билдиргенин жазган. Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Элчилер конференциясынын алкагында 13-14-августта Түркияга жасай турган сапарында Түркия менен Орусиянын ортосундагы экономикалык карым-катнаштардын карала турганы белгиленди.

«Хабер түрк» гезити «Соода-сатык кеңешүү аркылуу жүгүртүлөт» аттуу маалыматында соода министри Рухсар Пекжан жаңы мезгилде жарандык коомдук уюмдар менен таасирдүү баланыш кура тургандарын жана соода-сатыкты, экспортту арттыруу үчүн проактивдүү саясаттарды жүргүзө тургандарын белгилеп: «Ушул алкакта Кеңешүү кеңешин түздүк. Сооданын алдындагы тоскоолдуктарды жоюу, менчик сектордун жолун ачуу максатында бардык тармактардын пикирлерин, сунуштарын угабыз»,-деди.

«Сабах» гезити «Билежиктен Францияга 45 фуралык үлүл экспорттолду» аттуу маалыматында Билежиктеги бир ишкананын өндүрүмүнүн бардыгын Францияга экспорттогондугун билдирген.

«Стар» гезити «Ясемин Жан Европа үчүнчүсү болду» деген маалыматында атлетика боюнча Европа чемпионатында кыздар арасында 5 миң метрге чуркаган улуттук атлет Ясемин Жан, коло медалга ээ болгонун билдирген. Берлинде өткөрүлгөн чемпионаттын алтынчы жана акыркы күнүндө 5 миң метр боюнча финал жарышы болду. Улуттук атлет Ясемин жарышта үчүнчүлүктү алып коло медалга ээ болду.



Тектеш кабарлар