Түрк басма сөзү 25.07. 2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1019032
Түрк басма сөзү 25.07. 2018

«Сабах» гезити «Израилдин чуу салган чечимине Эрдоган катуу каршылык көрсөттү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган АК партиянын фракция жыйынында Израилдин улус-мамлекет мыйзамына катуу каршы чыгып: «Бул түзөтүү Израилдин дүйнөдөгү эң сионист, эң фашист, эң расисттик мамлекет экендигинин далили болуп саналат. Израилдин бул түзөтүүдөн кийин сионизм, фашизм жана расизм тууралуу айта турчу эч бир сөзү калган жок»,-деди.

«Стар» гезити «Эрдоган Грециянын премьер-министри менен сүйлөштү» деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган Грециядагы өрттүн себебинен Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас менен телефон аркылуу байланышып, Түркиянын жардам көрсөтүүгө даяр экендигин айтканын билдирген.

«Йени шафак» гезити «Азербайжан менен кызматташтыгыбызды ар дайым күчтөндүрүүдөбүз» аттуу маалыматында тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглунун расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Азербайжанга барганын билдирген. Премьер-министр Новруз Меммедов менен жолуккан Чавушоглу: «Азербайжан менен кызматташтыгыбызды ар дайым күчтөндүрүүдөбүз. Чет өлкөдөгү диаспораларыбыз да эми күчтөрүн толук бириктирди. Бул да абдан маанилүү болуп саналат»,-деп айтты.

«Хүррийет» гезити «Испанияны таштап Түркияга багыт алышты» деген маалыматында Антальянын соода жана өнөр жай палатасынын жетекчиси Давут Четин, туризм сезонунда айлык 20 пайыз, жылдык 30 пайыздай өсүү болгонун белгилеп: «Бул сезондо Испанияда немис жана англиялык туристтердин саны азайды, анткени алар Түркияга багыт алышты»,-дегенин жазган.

«Ватан» гезити «Баардык мезгилдердин рекорду коюлду» аттуу маалыматында Түркиядагы эң кыймылдуу аэропорт болгон Стамбулдагы «Сабиха Гөкчен» эл аралык аэропорту күнүмдүк 120 миң жүргүнчү көлөмүнөн ашып баардык мезгилдердин рекордун койгонун билдирген.

 



Тектеш кабарлар