Түрк басма сөзү  24.07.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1018042
Түрк басма сөзү  24.07.2018

«Хабер түрк» гезити «Албайрак: көп тараптуу экономикалык дипломатия баштатып жатабыз» деген маалыматында казына жана финансы министри Берат Айлбайрак бекем жана ишенимдүү өсүүнү максат кылышкандарын айтып : «Базарлар менен чырдашпайбыз. Карым  - катнаштарга баш ийүү менен ишибизди улантабыз»,- дегенин билдирген. Көп тараптуу экономикалык дипломатиянын баштатылгандыгын белгилеген министр Албайрак : «Эч качан базардан артта калбайбыз»,- деди.

«Стар» гезити «Түрк Агымында жээктен өтүү иштери башталды» деген макаласында орус газын Түркияга жана Түркиядан Европага ташый турган Түрк Агымынын жаратылыш газ түтүк жолунун Кыйыкөй жээгиндеги иштерин жекшемби күнү баштагандыгын жазган.

«Стар» гезити «Антальяга аба жолу менен келген турист саны 34 пайызга өстү» деген маалыматында туризмдин борбор шаары Антальяга акыркы 6 айда аба жолу менен келген жүргүнчү саны 2017 – жылга караганда 34 пайыздык өсүү менен 6 миллион 199 миң 361 болду.

«Сабах» гезити «Жергиликтүү жана чет элдик турист көп келди» деген маалыматында Батыш Кара деңиздин бермети Дүзже облусунун Акчакожа районунда 30 километр узундуктагы пляждардын толуп ташкандыгын жазган. Теңдеши жок кооздукка ээ болгон пляждарын жергиликтүү жана чет элдик туристтер толтурушту.

«Йени шафак» гезити «Меркелден Өзилге : сыйлайм, көп нерсе аткарды» деген кабарында түрк тектүү футболчу Месут Өздилдин немис улуттук командасында ойнобой тургандыгы тууралуу чечим чыгарышынан кийин Германиянын  канцлери Ангела Меркель Месут Өздилдин чечимине сый көрсөткөндүгүн белгиледи.



Тектеш кабарлар