Түрк басма сөзү-11.07.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1011294
Түрк басма сөзү-11.07.2018

«Стар» гезити «НАТОдо жаңы Түркия саммити» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын орчундуу НАТО саммити үчүн барган Бельгиянын борбор шаары Брюсселде көпчүлүктүн кызыгуусун тартканын жазган. Тарыхый жыйналыштын жыйынтык декларациясында болсо террор менен күрөшүү темасында Түркия менен  эл аралык колдошууга басым жасалды.

«Йени шафак» гезити «НАТО саммитинен так билдирүү; Суралбасын» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун НАТОнун Саммитине катышуу үчүн барган Брюсселде Батыш лидерлерине так билдирүүлөрдү айтканын жазган. Түркиянын Орусиядан С-400 алуусуна байланыштуу «Түркия НАТОдон алыстап баратат» деген сындоолорго сереп салган Чавушоглунун: « Түркия НАТОдон алыстаган жери жок. Эгерде НАТОдогу шериктештерибиз бул муктаждыгыбызды камсыздаганда биз алардан алмакпыз. Алдыбыздагы жылдын акырына карай Орусиядан алгачкы батареялар келет. Ошондуктан муну эми  суроонун да кажети жок»,-деди.

«Ватан» гезити «Нацисттердин келини өмүр бою абак жазасына тартылды» деген маалыматында Германияда 2000-2007-жылдар аралыгында 8 түрк менен бир грек жараны жана бир немис полициясын өлтүргөн нацисттик кылмыш тобу (NSU) көзү тирүү жалгыз мүчөсү Беате Чепенин өмүр бою абак жазасына тартылганын маалымдаган. Түркиянын тышкы иштер министрлиги да NSUну колдонгон негизги ысымдардын сот алдына дагы чыгарылбаганын маалымдады. Бул уюм менен немистердин терең кылмыш тобунун ортосундагы байланыш ортого чыгарылган жок.

«Хүррийет» гезити «Зайтун майын өндүрүү тармагында Түркия алдыда» деген маалыматында глобалдык зайтун майын өндүрүү 2016-2017-жылдар аралыгында төмөндөсө, Түркиянын өндүрүүсүн көлөм жагынан эң көп арттырган өлкө болгонун маалымдаган. Түркия зайтун майын өндүрүүнү 58 миң тоннага арттырып 208 миң тоннага жеткирди. Түркия ушундайча дүйнөлүк зайтун майын өндүрүүдө экинчи орунга чыкты.

«Сабах» гезити «Ник Кейв Стамбулда концерт койду» деген маалыматында австралиялык рок музыкачысы, ырчы, китеп жана сценраий жазуучусу Ник Кейв, 17 жылдан кийин кайрадан Стамбулда күйөрмандары менен жолукканын жазган. Музыка тобу «The Bad Seeds» менен 25-Стамбул жаз фестивалынын алкагында сахнага чыккан чеберге, музыка сүйүүчүлөр абдан кызыгуу көрсөтүштү.



Тектеш кабарлар