Түрк басма сөзү-25.06.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1000822
Түрк басма сөзү-25.06.2018

«Сабах» гезити «Трамп Эрдоганды телефон аркылуу куттуктады» аттуу маалыматында Президент Режеп Таййип Эрдогандын 24-июнда болгон президенттик жана парламенттик шайлоодон кийин АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнүн жазган. Трамп шайлоодон жеңиш менен чыккан Эрдоганды куттуктады. Эки лидер 11-12-июль күндөрүндө Бельгиянын борбор калаасы Брюсселде боло турган НАТОнун саммитинде жолугушмай болушту.

«Ватан» гезити «Түркиянын насыя рейтинг баасы тууралуу чукул маалыматтар» аттуу кабарында эл аралык насыя рейтинг баасын берүүчү мекеме Japan Credit Rating Agency (JCR), Түркияда 24-июнда өткөн Президенттик жана парламенттик шайлоолордон кийин ички саясаттагы азайган белгисиздиктин насыя рейтинг баасы жагынан оң болгонун жарыялаганын маалымдаган.

«Сабах» гезити «Антальяга 4,5 миллиондон ашуун турист келди» аттуу маалыматында Анталья шаары 2018-жылы «14 миллион турист» максаты менен бардык убактардын рекордуна жетишүүнү каалап жатканда, 25-июндан тарта чет өлкөдөн келген турист саны 4 миллион 507 миң 301ге жеткенин маалымдаган. Шайлоолр жана Орусиядагы Дүйнөлүк кубок да таасир эте албаган туризмде өсүү катышы 2017-жылга салыштырмалуу 42 пайызга жетти.

«Хабер түрк» гезити «Түрк аба жолдорунан 25-июнь рекорду» аттуу маалыматында 24-июнда президенттик жана парламенттик шайлоолордо атуулдар добуштарын бергенден кийин саякатка чыгууну тандоосу жүргүнчүлөрдүн көптүгүнө алып келсе Түрк аба жолдору да дүйшөмбү күнү дүйнө жалпысындагы каттам санында 1500 бантынан ашып өтүп быйылкы рекордуна жетишкенин баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Кытайлык журналист жана социалдык медиа өкүлдөрү Стамбулда» деген маалыматында түрк тилин, маданиятын жана тарыхын дүйнө жүзүнө таанытуу үчүн өлкө ичинде жана тышында маанилүү долбоорлорго кол койгон «Юнус Эмре» институтунун «Конгубуз болуңуз» долбоорунун алкагында Стамбулга келген кытайлык делегация, Бейоглундагы Пера музейин кыдырганын жазган. Кытайлык топко музей жана андагы экспонаттар туурасында маалымат берилди.



Тектеш кабарлар