Түрк басма сөзү 26.03.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

937522
Түрк басма сөзү 26.03.2018

«Сабах» гезити «Жарым ай көрүнгөн жерде үмүт бар» аттуу макаласында Түрк куралдуу күчтөрү Сириянын Африн аймагын террористтерден тазалангандан кийин Түркия жергиликтүү элдин муктаждыктарынын камсыздалышы жана жашоону калыбына келтирүү үчүн да аракет кылып жатканын билдирген. Карапайым тургундарга ысык тамак тарата баштаган Түрк Кызылыйы, суу жана дары-дармектер үчүн да иш-аракеттерин баштады. Түрк Кызылайынын төрагасы Керем Кынык: «Жарым ай, ай жылдыз көрүнгөн жерде үмүт бар, адамдар ишене ала турган, баш калкалай ала турган жер бар. Адамдардын кайгысын басканга чейин аракет кылыбыз»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Улуттук аба ракеталары 2020-жылы бүткөрүлөт» деген маалыматында Стамбулда 13-Эл аралык коргоо өнөр жайы жарманкесинде көргөзмөгө коюлган жергиликтүү өндүрүш «Гөктуг» аба-аба ракеталары түрүнө мүчө Гөкдоган менен Боздаганга карай иш-аракеттер уланып жатканын билдирген. Эки ракетанын тең биринчи атуулары ишке ашты. Синоптогу сыноолор ийгиликтүү аяктады. Ракеталарды өнүктүрүүнүн алкагында ушул жылдын акыркы чейрегинде жандуу буталарга атуулар болот. Долбоордун 2020-жылы бүткөрүлүшү көздөлүүдө.

«Ватан» гезити «Тарыхта биринчи жолу Түркияда ишке ашып, дүйнө жүзүнө жарыяланды» деген маалыматында Анкара университетинин Медицина факультетинин Мээ жана нейрохирургия бөлүмүндө, Да Винчи роботу менен ишке ашкан баш сөөк шишиги операциясынын дүйнөдө жаңылык жаратканын билдирген. Ооруканадан айыгып чыккан 50 жаштагы аял, дүйнөдө ушул ыкма менен операция болгон алгачкы жана жалгыз оорулуу катары илим дүйнөсүнө жарыяланды. Дүйнөдөгү алгачкы роботтук технология менен кылынган мээ операциясы, атайын долбоорлонгон Ибн-и Сина ооруканасында адис дарыгер Үмит Эроглу тарабынан ишке ашты.



Тектеш кабарлар