Түрк басма сөзү-7.03.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

924643
Түрк басма сөзү-7.03.2018

«Сабах» гезити «Эрдоган БУУга Чыгыш Гута боюнча каршылык көрсөттү» аттуу маалыматында АК Партиянын жетекчиси жана президент Режеп Таййип Эрдогандын фракциялык жыйналышында сүйлөгөн сөзүндө Сирияда режимдин курчоосундагы Чыгыш Гутада уланган адамзат кризисине чечүүчү жол таба албаган БУУга каршылык көрсөтүп, «Чыгыш Гутадагы абалдар адамзатка жарашабы? БУУнун коопсуздук кеңешинде токтом чыгарышууда, ушундай да токтом болобу? Ишке ашпаган токтомдун адамзат үчүн кандай мааниси бар? Сиз адамзатты алдап жатасыз. Биз «Дүйнө жүзү бештен чоң» сөзүн бекер айткан жокпуз»,дегенин баяндаган.

«Сабах» гезити «Эрдоган менен Путин телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнүн жазган. Кечинде болгон сүйлөшүүдө Чыгыш Гутада болуп жаткан адамзаттык трагедиясынан баштап, Сириядагы акыркы абалдарга чейин талкууланды. Президент Эрдогандын, Афринде террор элементтерине каршы Түркиянын жүргүзгөн операциясы туурасында маалымат бөлүшүүнү каалаган сүйлөшүүдө, эки тараптуу карым-катнаштарга да токтолду.

«Ватан» гезити «Чавушоглу: «АКШ менен бирдей пикирдебиз»» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун АКШ менен Менбич сүйлөшүүсү тууралуу маалымат бергенин баяндаган. Чавушоглу: «Жарандык согуштан мурдагы калктын саны эске алынат. Келишим үчүн алгач жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГ Менбичтен чыгартылышы керек. Сүргүнгө айдалгандар кайрадан жерлерине кайтышат. АКШ менен калктын санына жараша башкаруу темасында бирдей пикирдебиз»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Зейбекчинин темир-болот жана алюминий жарыялоосу» аттуу маалыматында экономика министри Нихат Зейбекчинин АКШнын импорттолгон болот жана алюминийге кошумча бажы салыгын киргизүү токтому темасында ЕБнин соода комиссары Сесилия Мальмстрем менен телефон акылуу сүйлөшүү өткөргөнүн жазган. Телефондогу сүйлөшүүдө эки тараптын алдыдагы процессте Дүйнөлүк соода уюму платформасында биргелешип иш-аракет кылуу боюнча макылдашууга жетишкендери белгилүү болду.

«Стар» гезити «Чет элдиктердин Түркиядагы кыймылсыз мүлккө инвестициясы мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсе көбөйдү» аттуу маалыматында Жер каттоо жана кадастр боюнча башкы директору Зеки Адлы, чет элдик кишилердин Түркиядан кыймылсыз мүлк алууларына карай маалымат бергенин баяндаган. Чет элдиктерге кыймылсыз мүлк сатуулар тууралуу бир канча чектөөлөрдүн жоюлганын эске салган Адлы: «Ушул убакка дейре Түркиянын жылпысында 147 миң 924 чет элдик киши, 68 миң 319 кыймылсыз мүлк сатып алды. Өткөн жылдын көрсөткүчтөрүн караганыбызда болсо 24 миң 111 чет элдиктин 15 миң 508 кыймылсыз мүлктү сатып алганын көрүүдөбүз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар