Түрк басма сөзү 17.11.2017

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

849755
Түрк басма сөзү  17.11.2017

«Хүррийет» гезити «Күтүлбөгөн саммит» деген макаласында президент Р. Т. Эрдоган Түркия, Орусия жана Иран өткөрө турган «Сирия» тема болгон үчтүк саммитке катышуу үчүн 22 -  ноябрь шаршемби күнү Орусиянын Сочи шаарына барарын жазган. Бул саммитте Сириядагы абалдар жана аймактагы акыркы абалдарды карашат. Саммитке Ирандын президенти Хасан Руханинин да катышары күтүлүүдө.

«Йени шафак» гезити «Эми башка бир оюндун артынан түшүштү» деген маалыматында премьер  - министр Бинали Йылдырым Түркия аркылуу дайыма оюн ойноого аракет кылган кээ бир күчтөрдүн курулай аракет ичинде экендигин айтты. Йылдырым Анкара соода кабинетинин конгресс залында өткөрүлгөн 8 – кургактык авто жолунун коопсуздугу симпозиуму жана көргөзмөсүнүн ачылышында сөз сүйлөдү. Түркия аркылуу оюндардын ойнолуп жаткандыгын белгилеген Йылдырым : «2016 – жылы 15 -  июлда Фетуллахчы террордук уюм жана параллель мамлекеттик түзүмүнүн ийгиликсиз соккусунан натыйжа ала албагандар , Түркияга тизе бүктүрө албагандар, бул улутка моюн сундура албагандар бүгүн да башка бир оюндун артынан түшүштү. Эмне кылып 15 -  июлдагы ийгиликсиз болгон ишибизди акырына чыгара алабыз деп ойлоп жатышат»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Чавушоглу : ЙПГ Раккада аймакты колго алуу үчүн ошол жерде» деген макала жарыялады. Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Түркия Улуттук Парламентинде сүйлөгөн сөзүндө террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГ/ПЙДнин Раккада болушу ДЕАШ менен согушуу үчүн эмес, аймакты колго алуу жана террордук лагерди куруу үчүн аракет кылгандыгын айткан. Бул аймакта да ДЕАШ менен абдан жакын кызматташтыкка кирди. Бул ортого чыкты»,- деди.

«Стар» гезити «Чыгыш Жер Ортолук деңиз  - 2017 машыгуусу аяктады» деген маалыматында Түркиянын жетекчилигинде өткөрүлгөн Чыгыш Жер Ортолук деңиз – 2017 машыгуусунун аяктагандыгын билдирген. Машыгуу НАТОнун туруктуу деңиз милдетин аткаруучу группа  - 2, АКШ, Болгария, Англия жана Румыниянын деңиз күчтөрү, түрк деңиз, түрк аба жана жээк коопсуздук командирликтеринин катышуусу менен Чыгыш Жер Ортолук деңизинде аткарылды. Машыгууга катышкан кемелердин Мармаристеги Аксаз деңиз базасы портундагы баа берүү жыйыны менен аяктады. Бул жылы 20 – өткөрүлгөн машыгууда деңиз кыймылына байланыштуу машыгуулар өткөрүлдү.

«Ватан» гезити «Антальяда табылды! Дүйнөдө абдан аз кездешкен түр» деген маалыматында Антальянын Серик районунда Белек туризм борборундагы бир мейманкананын короосунда дүйнөдө аз кездешкен Sphingidae  көпөлөгүнүн табылгандыгын билдирген. Мейманкананын директору тарабынан табылган көпөлөк аскердик камуфляж оймолуу, түстүү жана узун ничке канаттары менен көңүлдөрдү бурууда. Көпөлөк эң ылдам канат каккан жана абада асылуу боюнча тура алган түр катары билинет. Түнү учкан көпөлөк чоң жалбырактуу дарак, кооздук чырмоогу, олеандра жана жашылчалардын жалбырактары менен азыктанат.



Тектеш кабарлар