Түрк басма сөзү-8.06.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

748795
Түрк басма сөзү-8.06.2017

«Сабах» гезити «Катарга социалдык медиа тармагынан колдоо көрсөтүлдү» аттуу маалыматында айрым араб өлкөлөрү менен дипломатиялык кризисти башынан өткөрүп жаткан Катарга колдоо көрсөтүү максатында социалдык медиа платформасы Твиттерде ачылган «#KatarYalnızDeğildir» хештеги аркылуу колдоо маалыматтары келип жатканын баяндаган. Твиттерде жасалган бөлүшүүлөрдө «Катардан Түркияга Осмончо салам», «Түркия-Катар бир тууган», «Достордон баш тартылбайт», «Түрк улуту тарых бою жардамга муктаждыгы болгон туугандарын жалгыз калтырган жок, калтырбайт да» деген сүйлөмдөр орун алды.

«Хабер түрк» гезити «Стамбулга келген турист саны» аттуу маалыматында апрель айында Стамбулга келген турист саны өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 16,8 пайызга өсүп 835 миңге жеткенин маалымдаган. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 4 айында болсо келген турист саны 2 миллион 727 миңге жетти. Алгачкы 4 айда Стамбулга келген чет элдиктер мындай; немистер 9%, ирандыктар 7,2%, сауд арабиялык 4,4%  , орустар 4,2%, ирактыктар 4,0%, англистер 3,6%, украиндер: 3,5%, француздар 3,3%, голландиялыктар 2,7%, америкалыктар 2.6% , кувейттиктер 2,2% азербайжандыктар 2,2%, алжирликтер 2,1%, кытайлар 2%, түркмөндөр 2%, башка өлкөлөр 45%.

«Ватан» гезити «Англиядан эс алуу үчүн Түркияга баргыла чакырыгы» деген маалыматында Англиянын Индепендент гезитинин саякат жазуучусу Эмма Томпсондун макала бурчунда «Түркияга эс алууга баргыла» чакырыгы орун алганын жазган. Түркияга саякатынан байкоолорун бөлүшкөн Томпсон, Фетхиенин табигый жана тарыхый өзгөчөлүктөрдү камтыган укмуш район экенин баса белгилеген.

«Стар» гезити «Чыгыштын тагдыры геотермалдык суулар менен өзгөрөт» деген макаласында Агрынын Диадин районунда орун алган орто эсеп менен 200 градустук геотремалдык суудан пайдаланып районго курула турган Геотермалдык чарба негизинде адистештирилген уюшкан өнөр жай аймагы аркылуу инвестиция жана жумуш орундарынын көбөйтүлүп аймактын өнүгүүсүнө салым кошулушу максатталганын жазган. Диадиндеги термалдык суу резервинин абдан жогору болгону белгиленген.

«Йени шафак» гезити «Реал Мадриддин жылдыз оюнчусу Карим Бензема, Стамбулда ооз ачууга катышты» деген маалыматында Испаниянын дүйнөгө таанымал клубу Реал Мадридде форма кийген жылдыз футболчусу Карим Бенземанын Стамбулдун Фатих районунда ооз ачуу программасына катышканын баяндаган. Алжир тектүү француз футболчу алгач Фатих мунуиципалитетине барып муниципалитет башчысы менен жолукту. Муниципалитет башчысы Мустафа Демир Бенземага Фатихтин тарыхы жана тарыхый чыгармалары жөнүндө маалымат берди.Андан соң муниципалитет башчысы Демир, Бенземага Сүлеймание мечитинин миниятурасын белек кылды. Карим Бензема жана шаар башчысы андан соң Хасеки Султан комплексинин алдында курулган көчөдөгү ооз ачууга конок болду.



Тектеш кабарлар