Түрк басма сөзү-7.03.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

686553
Түрк басма сөзү-7.03.2017

«Ватан» гезити «Германияга кош каршы чыгуу» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын, «Мен Германияга барамын. Киргизбесеңиз дүйнөгө чуу саламын» деп каршылык көрсөтүүсүнө Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели да колдоо көрсөткөнүн жазган. Түрк министрлердин Германияда сөз сүйлөөсүнө бөгөт коюлганына каршылык көрсөткөн Бахчели: «Президент Эрдоган Германияга барууга чечкиндүү болсо жалгыз эмес. Мен да кошо барамын. Президент менен биргемин»,-деди. Президенттиктин баш катчысынын орун басары жана басма сөз катчысы Ибрахим Калын да, «Урматтуу Девлет Бахчели, бул жарыясы менен асыл жана улуттук позициясын бүткүл дүйнөгө дагы бир жолу көрсөттү. Куттуктаймын жана ырахматымды айтамын»,-деп жазды.

«Хабер түрк» гезити «Эрдогандын саясий келечеги аймак үчүн абдан маанилүү» аттуу маалыматында Израилдин тышкы иштер министрлигинин катчысы Эммануэль Нахшондун Түркияда 16-апрелде боло турган президенттик башкаруу системасы үчүн референдум өткөрүлүшүн кылдат байкап жаткандарын айтканын баяндаган. Президент Режеп Таййип Эрдогандын абдан маанилүү аймактык актер болгонун айткан Нахшон: «Эрдогандын саясий келечеги Жакынкы Чыгыштын кандай көрүнө турганы темасында маанилүү»,-деди. Нахшон, Сириядагы баш аламандыктын чечилиши жана энергетика саясаттары менен коопсуздугу жагынан ырааттуу кызматташтык үчүн Эрдогандын саясий келечегинин аймакты жакындан кызыктырганын айтты.

«Стар» гезити «Өсүп бараткан Түркия экономикасынан тынчсызданышууда» аттуу маалыматында эмгек жана социалдык коопсуздук министри Мехмет Мүеззиноглу, Европанын Түркияга көз карашына баа бергенин жазган. Европанын «Дүйнөнүн алдыңкы 10 экономикасынын ичинде болом» деген Түркиядан тынчсызданганын белгилеген Мүеззиноглу, айрым чөйрөлөрдүн коопсуздугун бузууга карай ар түрдүү аракетине карабастан Түркиянын өсүүсүн улантканын айтты. Жаңы жылдын алгачкы үч айында жумуш орундары көбөйгөнүн айткан Мүеззиноглу, 2016-жылдагы террордук кол салуунун жана төңкөрүш аракетинин ырааттуулукту буза албаганын баса белгиледи.

«Йени шафак» гезити «Түркия дүйнөлүк аялдарды унуткан жок» деген маалыматында Түркиянын, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгы (ТИКА) аркылуу дүйнөнүн бир топ аймагында аялдардын жумуш менен камсыздалышы үчүн кесиптик курстарды уюштурганын жазган. Мадагаскарда ТИКА тарабынан жаңыланган Цимбазаза кыздар кесиптик билим берүү борбору ачылды. Ал борбордо ТИКА, акуммулятордуу майыптардын кольяскаларын жана медициналык жабдууларды берди. Өзбекстандын демилгечи аялдар коомунун имараты жаңыланды. ТИКАнын Ооганстандын Жевизжан провинциясында берген Куран-ы Керим, компьютер, тикмечилик жана саймачылык курстарынан көп сандаган аялдар пайдаланышты. Черногорияда аял баш калкалоочу үйүнүн оңдолушу жасалып килем, токуу, тигүүчүлүк, саймачылык, белектик буюмдар жана кооздук буюмдарды жасоо курстары берилди. Сомалинин борбор шаары Могадишуда аялдарга тигүүчү машиналар жана материалдар белек кылынды. Ирактын Керкүк шаарында болсо Алтынкөпүрө түркмөн аялдар биримдиги ательесинде тигүүчү машина жана материалдык жардамы берилди. Косовада да түрк адистери тарабынан кооздук буюм жасоо жана кол өнөрчүлүк курстары берилди. Непалдын борбор шаары Катмандуда 400 аялга кесипке ээ болууларына жардамчы боло турган шайман жана материалдар берилди.

«Сабах» гезити «Дүйнөнүн эң берилген күйөрмандары түрктөр» деген маалыматында Түрк телекомдун жаңы жарнама демилгесинде ойногон испан кулубу Реал Мадриддин португалиялык атактуу футболчусу Криштиану Роналду Түркияны жана элин абдан жакшы көргөнүн баяндаган. Жылдыз футболчу «Түрк күйөрмандары дүйнөнүн эң берилген адамдары. Бир канча жолу Түркияга бардым. Ал жерде болгонум үчүн абдан кубандым. Эң кыска убакта кайра Түркияга баргым келет»,-деди. Түркия үчүн «укмуш кооз жер» деп айткан Роналду: «Түрктөр футболду жана мыкты оюнчуларды жакшы көрүшөт»,- деп айтты. Роналду эс алуу үчүн эң кыска убакта Түркияга келээрин билдирди.



Тектеш кабарлар