Түрк басма сөзү-05.01.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

644828
Түрк басма сөзү-05.01.2016

«Хүррийет» гезити «Эрдоган атуулдарга валюта, банктарга пайыз, ишкерлерге инвестиция чакырыгын салды» аттуу маалыматында Президенттик сарайда өткөрүлгөн 33-Айыл өкмөт башчыларынын жыйналышында сөз сүйлөгөн президеент Режеп Таййип Эрдоган, ар ким колундагы акчаны базарга чыгарган учурунда экономикада болгон маселелердин жоюла турганын белгилеп, инвестиция жана өндүрүш болушу үчүн финансы секторунан пайыздардын түшүрүлүшүн талап кылганын жазды. Президент ишкерлерди, инвесторлорду жана атуулдарды өндүрүш жана инвестиция салууга чакырып Түркиянын террордун себебинен башынан өткөрүп жаткан маселелерди бул жол менен дагы оңой ашып өтө турганын баса белгиледи.

«Стар» гезити «Үч жылдан кийин Багдад» аттуу маалыматында Башикадагы Түркиянын аскердик базасынын себебинен Ирак менен болгон чыңалуу соңуна чыгышынан кийин Түркиядан Багдадга 3 жылдан кийин алгачкы жогорку деңгээлдеги сапар, бир эки күндүн ичинде жасалаарын жазган. Премьер-министр Бинали Йылдырым, Багдад жана Эрбилге жасоону пландаган сапарда, негизги күн тартибин Синжардын террор уюму ПККдан тазаланышы түзөт.

«Хабер түрк» гезити «Инжирлик суракка алынууда» аттуу макаласында улуттук коргоо министри Фикри Ышык, кечээ Түрк авияция жана космостук өнөр жайындагы (TUSAŞ/TAİ)  T-129 «Атак» тик учарынын 19-тапшыруу аземинде Сириянын Эл Баб шаарында Түрк куралдуу күчтөрүнүн террор уюму ДЕАШка каршы жүргүзгөн операциясында АКШдан баштап коалиция күчтөрүнүн колдоо көрсөтпөөсүнүн түрк коомдук пикиринде олуттуу таарыныч туудурганын айтканын жазган. Фикри Ышык: «Коалициянын Сириянын түндүгүндөгү «Евфрат калканы» кыймылына колдоо көрсөтпөөсү Инжирлик базасын да суракка алууда. Бул темада аскер жана жарандар менен сүйлөшүүбүз уланууда»,-деди.

«Сабах» гезити «Жеке менчик коопсуздук кызматкерлери полиция сыяктуу машыктырылат» деген маалыматында өкмөт жаңы жыл түнүндө 39 кишинин өлүмүнө себепчи болгон Стамбулдагы түнкү клубда болгон террордук кол салуудан кийин жеке менчик коопсуздук күзөтчүлөрү тууралуу жаңы мыйзамдык түзүтүү башталганын жазган. Анда жетиштүү машыгуудан өтүп, билим албаган жана курал колдонууну билбеген жеке менчик коопсуздук күзөтчүлөрүнө байланыштуу даярдалган долбоор карала баштаганы орун алды. Жаңыланып чыккан долбоорго караганда жеке менчик коопсуздук күзөтчүлөрү полиция сыяктуу машыктырылат.

«Ватан» гезити «Трамптан качты Гөлжүккө баш калкалады» аттуу маалыматында АКШда 20-январда президенттик орундукту өткөрүп ала турган Дональд Трамптын кысымына чыдай албаган Американын автомобил дөө-шаасы Форддун 1,6 миллиард доллардык Мексика инвестициясын жойгондо Түркияга багыт алганын маалымдаган. Жаңы стратегиясы боюнча Transit Custom үлгүсүнүн гибрит версиясы Кожаэлинин Гөлжүк районунда өндүрүлөт.



Тектеш кабарлар