Түрк басма сөзү-15.12.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

631351
Түрк басма сөзү-15.12.2016

«Йени шафак» гезити «Террорго каршы толук макулдашуу» аттуу маалыматында бийлик жана оппозиция террорго каршы биргелешкен мамиле көрсөткөнүн жазган. Премьер-министр Бинали Йылдырым, Жумурият элдик партиясынын лидери Кемал Кылычдароглу жана Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели болуп террор уюму ПККнын ишемби күнкү Стамбулдагы террордук кол салуусу башкы күн тартип берене болгон жолугушуусунан кийин террорго каршы биримдик билдирүүсүн айтышканын маалымдаган. Йылдырым, Стамбулдагы террордук кол салууларга байланыштуу тийиштүү лидерлерге кеңири маалымат берди, оппозициядагы лидерлер да сунуштарын түшүндүрүштү. Жолугушууда өкмөткө террор менен күрөшүү боюнча оппозициядан толук колдоо келди. Башкы оппозициядагы партиянын жетекчиси Кылычдароглу, террор менен күрөшүүдө өкмөттү жактаганын белгиледи. Улуттук кыймыл партиясынын лидери Бахчели болсо террор менен күрөшүүдө акырына чейин колдоо көрсөткөндөрүн, бул темада өлкөнүн жана улуттун кызыкчлыгы үчүн ар дайым колдоо көрсөтүлө турганын белгилеп кетти.

«Ватан» гезити «АКШ, террор уюму ПЙДга курал өткөрүүсүн улантууда» деген маалыматында террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДга АКШдан атайын курал өкөрүлгөнүн белгилеген. Уюмга колдоо көрсөтүүсүн эч токтотпогон АКШ, кечээ дагы көп сандаган ок-дары жөнөттү. АКШга таандык аскердик жүк ташуучу тик учарлары Айнел Араптын түштүгүнө 7 аба унаасы менен курал жана ок-дары түшүрдү. Аймакка акыркы бир айда 13 жолу курал өткөргөн АКШ, кечээ Айнел Араптын түштүтүгүнө ичинде ракета аткыч, танка аткыч жана жөө аскерлердин автомат мылтыктары менен бирге көп сандаган ок-дары кутуларын түшүрдү. Террор уюму ПЙДнын акыркы мезгилдеги курал өткөрүүлөрү менен Мүнбич-Эл Баб багытында Түрк куралдуу күчтөрү-Эркин Сирия армиясынын шериктештигине каршы чоң кол салуу даярдыгын көрүп жатканы билдирилүүдө.

«Хабер түрк» гезити «Европа өлкөлөрүнүн террористтерди кайтарбоо себептери» аттуу маалыматында Түркия Европа өлкөлөрүнөн террор уюму ПКК, ДХКП-Ж жана ФЕТӨгө мүчө террористтеринен турган көп сандаган террористти талап кылганын маалымдаган. Түркиянын Кылмышкерлердин кайтарылышына байланыштуу Европа келишиминин алкагында, кайтарылып берилишин талап кылган террористтерди Европа өлкөлөрү бербей жатат. Себеп катары да бул кылмыштардын «саясий кылмыштын» алкагында каралганын көрсөтүүдө. Мындан тышкары атуулдук же качкын статусу берилип же башка бир укуктук шылтоолор менен террористтердин кайтарылып берилишине тоскоолдук кылынууда. Кайтарылышы талап кылынган бирок тийиштүү ЕБ өлкөсү тарабынан четке кагылган кишилердин кылган кылмыштарынан айрымдары мындай; коопсуздук күчтөрүнүн шейит кылынышы, полиция унааларына колго жасалган жарылуучу заттарды ыргытуу, коопсуздук директорлугуна ракета атуу, айыл күзөтчүлөрүн ташыган кичи автобуска ок жаадыруу, зордоп акча топтоо, мектептерге бомба ыргытуу, атуулдардын өлтүрүлүшү, унааларды өрттөө, жол тороо, курулуш жерин басып алуу, дүкөндөргө жарылуучу зат ыргытуу.

«Сабах» гезити «Валютаңды алмаштыр акциясында 1,7 миллиард доллар сатылды» аттуу маалыматында Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨнүн  15-июлдагы төңкөрүш аракети убагында президент Режеп Таййип Эрдогандын чакырыгына баш ийип аянттарга чыккан жана Түркияны басып алуудан куткарган атуулдар, лидеринин бул жолу экономикалык соккуга каршы «долларыңды алмаштыр» эскертүүсүнө баш ийгенин баяндаган. Банкчылык координация жана текшерүү мекемесинин бир күндүк көрсөткүчтөрүнө караганда 7-декбарда 192 миллиард 460 миллион доллары болгон банктардагы валюта эсептеринин көлөмү, 9-декабрда 190 миллиард 800 миллион долларга түштү. 2 күндө 1 миллиард 650 миллион доллардык валюта сатуусу жасалып, мунун 650 миллион долларын атуулдар, 1 миллиард долларын болсо фирмалар алмаштырды. Атуулдардын валюта эсептеринин көлөмү 100 миллиард доллардын астына түшсө, соода-сатыктык валюта эсептери да 90,8 милллиард долларга түштү.



Тектеш кабарлар