Түрк басма сөзү 7.11.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

605284
Түрк басма сөзү 7.11.2016

«Хүррийет» гезити «Батыш өзүнүн аяктоосун даярдоодо» деген макаласында президент Режеп Тайип Эрдоган Стамбулдун Үскүдар районунда өткөрүлгөн Медициналык илимдер университетинин Ардактуу докторлук наамын тапшыруу аземиндеги сөз сүйлөөсүндө, Европанын террордук уюм ПККга болгон мамилесин сындап, батыш дүйнөсүнүн өзүнүн аяктоосун даярдай турчу иштерди аткарып жатканын айтты. Бумеранг сыяктуу бир күнү кайтып келип аларга да тийерин баса белгилеген президент: «Террордук уюмдарга каршы ыплас, эки ача, эки жүздүү мамиле булардын башында турат. Баш калкалоочуларга жасаган адамдык сапатка жатпаган мамилеси да унутулбашы керек. Расизм, Исламга душмандык сыяктуу батыштын өтмүшүндө ансыз деле бар болгон оорулар кайрадан кайталана баштады»,-деди.

«Стар» гезити «Standard & Poor's чындыкты көрдү, инвестициялар көбөйөт» деген маалыматында каржы министри Нажи Агбал эл аралык насыя рейтингине баа берүүчү мекеме Standard & Poor'sтун Түркиянын насыя рейтингин жогорулатканын билдиргенин жазган. Нажи Агбал «BВ» деңгээлиндеги насыя деңгээлин тастыктаганы темасында, Түркиянын структуралык реформаларга баш ийүүсүнүн Standard & Poor's тарабынан кабыл алынышынын маанилүү жагдай экенин айтты. Түркияда инвестиция салгысы келгендер үчүн Түркия тууралуу чоң ишенич пайда болгонун белгилеген министр Агбал, өлкөнүн орто жана узун мөөнөттүү өсүү потенсиалын көргөн көптөгөн түздөн-түз инвестордун Түркияга келип инвестиция салганын айтты.

«Ватан» гезити «Экспортто 8 жылдын рекорду» деген макаласында Түркиянын экспорттогу лидери автомобиль сектору, октябрь айында 2008-жылдан берки эң жогорку экспорт көрсөткүчүнө ээ болгонун жазган. Улудаг автомобиль өнөр жайынын Экспортчулар ассамблеясынын көрсөткүчтөрүнө караганда, автомобиль экспорту өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 8,2 пайыз өсүп 2 миллиард 190 миллион долларга жетти. Бул тармактын Түркия экспортунан алган үлүшү акыркы айлардагы эң жогорку катнаштардан болгон 18,7 пайызга жетти. Автомобилдин январь-октябрь айларынын аралыгындагы экспорту да 10,8 пайыз өсүп 19 миллиард 269 миллион доллар болду. Автомобиль экспортун 35 пайыздык өсүү менен 411 миллион долларга жеткирген Германия бул сектордун эң чоң экономикасы катары биринчи орунун сактап калды. Экспорт, экинчи чоң экономика Италияга 49 пайыз, ал эми үчүнчү чоң экономика Францияга 13 пайыз өстү.

«Сабах» гезити «Лицейдик Элифназ вакцина сактоочу аппараты менен дүйнө биринчиси болду» деген маалыматында лицей окуучусу Элифназ Шентүрк үй-бүлөлүк дарыгер болгон атасынын вакцина сактоодогу маселесин чечүү үчүн ойлоп тапкан «жылытуу жана муздатуу» системаларын бирге колдонуп жылуулукту тең-салмактаган аппарат долбоору менен «Илимий долбоор» сынагында дүйнө биринчиси болгонун маалымдаган. Бразилияда өткөрүлгөн жана 21 өлкөдөн 400 чакты долбоор катышкан илимий сынакта 11-класстын окуучусу Шентүрк дүйнө биринчилигин Түркияга алып келди.



Тектеш кабарлар