Түрк басма сөзү-8.09.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

567725
Түрк басма сөзү-8.09.2016

«Йени шафак» гезити «Ракка кыймылына жылуу карайбыз» аттуу маалыматында 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин 4-жолу Президенттик комплексинде чогулган Министрлер кеңешинин жыйналышынан кийин маалымат берген Нуреттин Жаникли, АКШ менен Раккага операцияга жылуу карагандарын айтканын жазган. Анда Жаникли: «АКШнын президенти Барак Обаманын бул темада талабы болду. Президентибиз да буга оң карагандарын билдирди. Бул темага байланыштуу техникалык сүйлөшүүлөр уланууда»,-деди.

«Сабах» гезити «ПКК менен ФЕТӨнүн төңкөрүш шериктештиги» аттуу маалыматында ФЕТӨ менен террор уюму ПККнын ортосундагы органикалык байланышты жана 15-июлдагы төңкөрүш пландоосуна байланыштуу шериктештикти көрсөткөн абдан маанилүү белги ортого чыкканын жазган.

17-августта Ван полициясы, 2-апрелде полициялык борбордун башчылыгы менен Областтык коопсуздук директорлугу органдары да орун алган стратегиялуу жерлерге бомба жүктөлгөн унаа менен террордук кол салууларды жүргүзгөн жана жаралуу түрдө кармалган ПКК террористи ооруканада берген маалыматында, «15-июль күнү төңкөрүш боло турганы бизге билдирилди, кыймылдарды токтоттук. Ал аракет ийгиликсиз болуп калганда кайра кыймылдарды баштадык»,-деди. Коопсуздук жана чалгындоо бөлүктөрү 15-июль төңкөрүш аракети убагында террор уюму ПККнын бир топко дейре кыймылсыз калганын жана кайсы тактика менен мындай чечим чыгарганы изилденип жатканда ПКК террористинин баяндоосунун чындыкты бардык жагынан көз алдыга жайганын айтты.

«Хабер түрк» гезити «900 миллион түрк лирасына коопсуздук долбоору» аттуу маалыматында Аба электроникасы өнөр жайы ХАВЕЛСАНдын башкы директору Хамди Аталай, 15-июль төңкөрүш аракетинен кийин мааниси дагы да жогорулаган ХАВЕЛСАНдын, ички жана тышкы коркунучтарды, террор менен күрөшүү операцияларын жана өлкөлөрүнүн келечегине таасир тийгизе турган чоң долбоорлорун жарыялаганын маалымдаган. Түркиянын жалпысындагы Кент коопсуздугу башкаруу системасы долбоорунун ылдам түрдө уланып жатканын түшүндүргөн Аталай, 900 миллион лиралык долбоордун негизинде Түркиянын бардык жерине эң акыркы технологиядагы камералар жайгаштырыла турганын айтты. Капыкуледен кирген бирөө акылдуу системалар менен Хаккариге чейин байкала ала турганын, унаасынын номери, жүзүн-өздүдүгүн таануу ситемасы боло турганын белгилеп кетти.

«Хүррийет» гезити «Осмондуктун короо  дубалдары кайрадан Кабага салынат» аттуу маалыматында Кабанын тавав аянтын кеңейтүү үчүн 2012-жылы буздурулган короо дубалдарынын чоң бөлүгү ордунан 20 метр артка жылдырылып орнотулганын баяндаган. Сауд королу Салман бин Абдүлазиздин «Кабанын шурусу сыяктуу болуптур» деген короо дубалдарына байланыштуу иштердин торлугу жылдын акырында бүткөн болот. Мимар Синан тарабынан салынган жана 500 жыл бою Кабаны курчап турган дубалдар, курулуш бүтүрүлгөндө Кабанын айланасында жарым ай түрүндө орун алат. 5 жыл мурда башталган тавав аянты иштер уланган убакта Осмондук короо дубалдарынын буздурулушу каршы чыгууну тарткан. Ал убакта премьер-министрлик кызматты аркалаган Режеп Таййип Эрдоган Сауд Арабияга сапарында корол Абдуллах бин Абдүлазиз аль-Сууд менен жолугуп, короо дубалдарынын кайрадан орунда коюлушу убадасын алган жана ушул боюнча короо дубалдарынын рестоврация иши бир түрк фирмасына берилген.

«Ватан» гезити «Кызылырмак дельтасы куш бейиши, ЮНЕСКО тарабынан Дүйнөлүк мурастар убактылуу тизмесине киргизилди» аттуу маалыматында Самсундун шаар башчысы Юсуф Зия Йылмаз, Түркиянын маанилүү сугат аянттарынан бири болгон Кызылырмак дельтасы куш бейиши кечээ ЮНЕСКО тарабынан Дүйнөлүк мурастардын убактылуу тизмесине киргизилгенин айтканын баяндаган. Кызылырмак куш дельтасы куш бейишинде 478 куш түрү белгиленди. Кызылырмак дельтасынын дүйнөдөгү куш бейиштеринен айырмалап турган өзгөчөлүгү жылдын ар бир мезгилинде ар башка куштардын келиши.

 

 

 



Тектеш кабарлар