Түрк басма сөзү-5.09.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

565866
Түрк басма сөзү-5.09.2016

«Хүррийет» гезити «Террор коридоруна жол жок» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган кечээ Кытайда Германиянын канцлери Ангела Меркелди кабыл алганын жазган. Чоң жыйырмалыктын лидерлер жыйынынын алдында болгон жолугушууда президент Эрдоган «Эвфрат калканы» кыймылы тууралуу Меркелге маалымат берди. Сириядагы кризистин саясий чечим менен жыйынтыкталышынын керек болсо ырааттуулуктун кайрадан түзүлүшү, керек болсо террор уюму ДЕАШ жана башка террордук уюмдар менен таасирдүү күрөшүү үчүн маанисине көңүл бурган Эрдоган, Түркиянын түштүк чек арасын бойлой «террор коридору» өтүшүнө уруксат бербей турганын айтты.

«Хабер түрк» гезити «Түркия коопсуз аймакты түздү» аттуу макаласында 24-августта башталган «Эвфрат калканы» кыймылынын 12-күнүндө Эркин Сирия армиясы Түрк куралдуу күчтөрүнүн колдоосу менен террор уюму ДЕАШтын чек ара аймагындагы жалгыз айыл Эл Кадини да тазалаганын жазган. Ушундайча Сириянын ичин көйдөй 3-5 км аралыкка чейин аймактан террор уюмун кууп чыгып ДЕАШтын Түркия чек арасы менен түздөн-түз байланышын үздү. Мындан ары Түркиянын Килис шаарына минометтун огу жетпейт.

«Сабах» гезити «Стамбулда триеналдын убагы» аттуу макаласында качкындар маселесине көңүлдөрдү буруу үчүн көпчүлүгү баш калкалоочулардан турган 40 искусство чебери катышкан 3-Эл аралык Стамбул триеналы Таксим Жумурият көркөм өнөр галереясы каалгаларын ачканын баяндаган. «Мекенсиздешүү» аттуу триенал баш калкалоочу маселесине көңүлдөрдү бурат. Үч жылда бир уюштурулган жана быйыл Айше Ташкент проекттин жооптуусу болгон триеналда Бахрам Хажоу, Фади Язеги, Фиген Баты, Фарук Мухаммад, Угур Өзен, Александра Фаразин, Азад карим, Шүкрү каракуш, Жем Мехмет Эрен, Фырат Эрез жана Корай Севинди сыяктуу 40 чебер катышты. 3-Эл аралык Стамбул триеналы 3-25-сентябрдын арасында акысыз көрүлсө болот.

«Ватан» гезити «Brexit үчүн жол картасы» аттуу маалыматында Англиянын премьер-министри Тереза Мэйдин мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү чакырыгын салбай турганын белгилеп, ЕБнен бөлүнүү процессинде «кыйын күндөрдөн өтүүгө даярдык көрүү» керектигин айтканын маалымдаган. Англиянын берүү мекемеси ВВСнин суроолоруна жооп берген Мэй, алдыбыздагы аптада кабинеттин чыгарган жаңы жол картасы чечимин ишке ашыра тургандарын айтты. Өкмөт катары англис калкынын ЕБ референдуму менен келип чыккан талаптарын урматтагандарын айткан Мэй, англис калкынын эркин кыдыруусунун өткөндө болгону сыяктуу уланышын каалабаганын жана ЕБнен келген адамдардын текшерилишин талап кылганын айтты.

«Стар» гезити «Өлкөм менен сыймыктанамын» аттуу маалыматында Стамбулдагы Харбиеде ачык асман алдындагы концерт сериалына кечээ кечинде баштаган атактуу ыр чебери, Таркандын бий көрсөтүүлөрү жана үнү менен ачык асман астындагы эл чогулган аянтта унутулгус кече тартуулаганын баяндаган. 15-июлдагы төңкөрүш аракети тууралуу ойлорун алгач ирет сахнада айткан Таркан, коомчулук менен бирге чоң апаатты баштан өткөргөнүн ушул себептен бүтүндөй өлкөнү кайраттуу болууга чакырды. Таркан: «Улутумдун өлкөсүн коргоп чыкканы мени ушунчалык толкундантты, бактылуу кылды жана өлкөм менен сыймыктандым»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар