Түрк басма сөзү 8.08.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

547561
Түрк басма сөзү 8.08.2016

«Хүррийет» гезити «Менин эң сонун өлкөм» аттуу макаласында кандуу төңкөрүш аракетинен 23 күндөн кийин Түркия Республикасынын тарыхында болуп көрбөгөндөй митинг өткөрүлгөнүн жазган. Президент Эрдоган жана саясий лидерлер миллондогон адамга кайрылган Стамбул Йеникапыдагы Демократия жана шейиттер митинги, 81 областтын аянттарында чоң экрандардан көрсөтүлдү. Президент Эрдоган: «Республикалык элдик партиясы жана Улуттук кыймыл партиясынын жетекчилери менен бирге 81 областыбызда ар башка көз караштан, ар башка диндеги адамдарыбыздын биримдик билдирүүсү Түркиянын душмандарын коркутту болуш керек. Биз биримдиктүү Түркия болобуз»-деди.

«Йени шафак» гезити «Түркия душманга кыр көрсөттү» деген маалыматында 15-июлда Фетуллах Гүлен жана террористтеринин төңкөрүш аракетине каршы демократия нөөмөтүн уланткан Түркия, кечээ дүйнөдө болуп көрбөгөндөй митинг өткөргөнүн билдирген. Стамбулдагы Йеникапы жана айланасында беш миллион адам чогулду. Ошол эле учурда 80 шаарда миллиондогон адам аянттарга чубады. Түркия төңкөрүшчүлөргө жана артындагы күчтөргө тарыхый билдирүү айтты.

«Ватан» гезити «Биргеликте абдан сонунсуң Түркиям» деген макаласында президент Режеп Тайип Эрдоган жана үч партиянын лидерлери Стамбулдагы Йеникапыда бир сахнада чогулгандарын жазган. Ар башка көз караштагы 5 миллион адам бир муштумдай болуп биригип, төңкөрүш аракетине наалат айтышты. Ошондой эле ынтымак жана биримдүүлүк билдирүүлөрү айтылды.

«Стар» гезити «50 миллион адам каршылык көрсөттү» деген маалыматында 15-июль түнү Фетуллахчы террор уюмунун төңкөрүш аракетинин мизи элдин каршылык көрсөтүүсүнүн негизинде майтарылгандыгын жазган. Президент Эрдогандын чакырыгы боюнча миллиондогон адам көчөлөргө чыкты жана демократия нөөмөтү башталды. Коомсуздук директорлугу да бул күзөттөргө канча киши катышты деген суроого жооп издеди. Видео-камералар бир-бирден иликтегенип, 15-июлдан 7-августка чейин төңкөрүшчүлөргө каршы демократия аянттарын толтурган атуулдардын саны 50 миллион 302 миң 850 экени аныкталды. Түркиянын төрт тарабындагы демократия митингдери менен катар 39 өлкөдө да Түркияны колдогон митингдер өткөрүлдү.

 «Сабах» гезити «Бизди эч ким күчтөн тайдыра албайт» деген макаласында көркөм-өнөр, спорт жана медиа дүйнөсүнүн белгилүү ысымдары да Йеникапыда өткөрүлгөн Демократия жана шейиттер митингине катышкандарын жазган. Миңге жакын атактуу ысым элди ынтымак жана биримдүүлүккө чакырды. Алардын арасынан Ибрахим Татлысес: «Бул улут, бул президентибиз типтик турган сайын, бизди эч ким күчтөн тайдыра албайт!»,- деди.



Тектеш кабарлар