Түрк басма сөзү 20.06.2016
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.
«Йени шафак» гезити «14 областка курал-жарак көмүлдү» деген макаласында Анкара, Денизли жана Аданада коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалган террордук уюм ПККнын 3 жетекчиси кагылышуу аянтын Түркиянын жалпысына жаюу үчүн кантип даярдык көргөндөрүн кеңири айтып бергендерин жазган. Буга ылайык террордук уюмдун чет өлкөдөгү лагерлеринде атайын машыктырылган 287 террористти Түркияга өзгөчө батыш аймактарына жөнөтүп байкоо жана чалгындоо кызматын жүргүзгөндөрү белгиленди. ПККнын ушул максаттын негизинде 14 областта жарылуучу зат жана ок-дарыларды көмүп койгону аныкталды.
«Ватан» гезити «Түркия туура иш кылып жатат, силер дагы кылгыла!» деген макаласында Сирияда болуп жаткан жарандык согуштун себебинен чоң кыйынчылыкка дуушар болгон баш калкалоочуларга чек араларын ачкан жана эң чоң жардамды көрсөткөн Түркия Дүйнөлүк качкындар күнүндө эл аралык коомчулукка чакырык салганын жазган. Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Түркиянын 2011-жылдан бери 2 жарым миллиондон ашуун сириялык баш калкалоочуну кабыл алганы, Ирак жана Ооганстан улутундагылар менен бирге баш калкалоочулардын саны 3 миллионго жеткени баса белгиленди.
«Хүррийет» гезити «Итальян Пирелли компаниясы Түркияны 128 өлкөнүн борбору кылды» деген маалыматында «Пирелли» аттуу италиялык дөңгөлөк чыгарган фирма дүйнөлүк сооданын 50 пайызын жүргүзгөн Дөңгөлөк өнөр жайы бөлүмүн Түркияга кошконун билдирген. 128 өлкөнү камтыган борбордун базасы Стамбул болсо, жетекчиси Мурат Акжылдыз болду.
«Хабер түрк» гезити «Франция митингдерге тыюу салууну талкуулап жатат» деген маалыматында Францияда жаңы эмгек мыйзамына каршы өлкөнүн жалпысындагы нааразылык акциялары уланып жатканда, өкмөт митинг жана жүрүштөргө тыюу салууну күн тартибине койгонун маалымдаган.
«Сабах» гезити «Байлыгы дайынсыз» деген маалыматында Ливияны 42 жыл башкаргандан кийин бийликтен кулатылып өлтүрүлгөн Муаммер Каддафинин мал-мүлкү тууралуу талаш-тартыштар уланып жатканын жазган. Акыркы жолу Франциянын белгилүү «Le Monde» гезитине чыккан аналитикага караганда Каддафинин Түштүк Африка, АКШ, Италия, Швейцария жана Англияда сактаган акчасынын суммасы 400 миллион долларга жетет.