Түрк басма сөзү 17.06.2016

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

512991
Түрк басма сөзү  17.06.2016

«Йени шафак» гезити «Тогуз кадамда нормалдашуу» деген макаласында түрк аба мейкиндигине кирген орус учагынын атып түшүрүлүшү менен кризиске кирген Түркия – Орусия карым – катнаштарында нормалдашуу кадамдарынын бир биринин артынан келе баштаганын жазган. Бир бирине карата таштала турган кадамдар менен мурунку күндөргө кайтууну максат кылган Анкара 9 кадамдан турган жол картасын белгиледи. Анкара Орусия карым - катнаштарынын өнүгүшү үчүн арачы каалабайт. Ушундайча процессте дагы ылдам жол алаарын боюнча көз караштар бар. Эки өлкө калктарынын  мурунку деңгээлге алып келүү үчүн медиа жана жарандык коом мекемелери менен байланыш процесси түзүлөт. Акыркы максат 15 -  декабрга чейин учакты атып түшүрүү кризисинен мурун болгондой эң жогорку деңгээлге алып барылат. Алты айлык процесстин биринчи үч айында Анкарадан Орусиядагы бардык иш чараларга, жыйындарга тийиштүү министрликтердин жогорку деңгээлде катышуу болот. 1 -  сентябрга чейин экономикалык, саясий, маданий жана социалдык тармактардагы чыгымдар аныкталат.

«Ватан» гезити «Түрк фималар Грецияда порттун артынан түштү» деген макаласында 2018 -  жылга чейин менчиктештирүү программасын бүтүрүүнү максат кылган Грециянын портторунан поезд жолдоруна, энергетика фирмаларынан туризм тармагына чейин бир топ тармакты камтыган менчиктештирүү программаларына Түркиядан да кызыгуу болуп жаткандыгын жазган. Менчиктештирүү боюнча жооптуу Греция өнүктүрүү фондунун башчысы Стергиос Питсиорлас өзүнүн ушул кезге чейин көп сандаган түрк фирмасын зыярат кылгандыгын белгилеп :«Менчиктештирүү программаларында түрк фирмаларынын кызыгуусунун артаарына ишенем»,- деди.

«Стар» гезити «Стамбул шоппинг фест : бул жылы кош майрам жаратат» деген маалыматында Түркиянын эң чоң туризм, соода жана шаардык маркалаштыруу проектиси Стамбул Шоппинг Фест бул жылы Рамазан майрамына туш келүүдө. Шоппинг фест Стамбулга кош майрам алып келет. Стамбул шоппинг фесттин салттык «Бааларды түшүрүү күнү» 2 -  июль ишемби күнү Mall of İstanbulда ишке ашат. Стамбул шоппинг фест үчүн Стамбулга келе турган коноктор глобалдык маркалар, жергиликтүү даамдар жана маданияттарды жоолугуштурган маданий иш чарада жолугушат.

«Сабах» гезити «Энн Хэтэуэй БУУнун жакшы ниет элчиси» деген макаласында БУУнун жакшы ниет элчиси кербенине оскар сыйлыгынын ээси Энн Хэтэуэй да катышканын жазган. Николь Кидман жана Эмма Уотсондан кийинки жакшы ниет элчиси жарыяланган Хэтэуэй жыныстык теңсиздик жана аялдын коомдогу ордунун күчтөндүрүлүшү тууралуу иштерди аткарат.

 



Тектеш кабарлар