Түрк басма сөзү-26.04.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

478713
Түрк басма сөзү-26.04.2016

«Стар» гезити «Террорду колдоо эркиндик эмес» аттуу маалыматында конституциялык соттун төрагасы Зүхтү Арслан, террорду жана күч колдонууну колдогон сөздөрдүн сөз эркиндиги болбой турганын айтканын жазган. Террор менен сөз эркиндигинин ортосундагы байланышка токтолгон Арслан: «Сөз эркиндиги демократияларда эң кыйратуучу маселелерди дагы эркин талкуулоо жана чечим табуу сунуштарын жактоо мүмкүнчүлүктөрүн сунууда. Мунун алдыңкы шарттары болсо террорду жана зомбулук тилин четке кагуу. Террор жана зомбулукка шыкактаган сөздөр, сөз эркиндигинин коргоосу астында эмес. Ал эмес террор жана зомбулук башталган жерде сөздүн күчү калбайт»,-деп айтты.

«Йени шафак» гезити «Африкадан Түркияга ыраазычылык» аттуу маалыматында африкалык баш калкалоочулар Түркия желектерин колго алып, президент Режеп Таййип Эрдоганга ыраазычылыкты камтыган плакаттар менен Түштүк Африканын Кейп Тавн шаарында чогулганын баяндаган. Баш калкалоочулар Түркиянын жана Эрдогандын карапайым калкты коргогонун, бүтүндөй мусулман өлкөлөр үчүн роль модель болгонун белгиледи. Марокколук академик др.Мустафа Саиди да ислам дүйнөсү лидер издеп жатканын, Эрдогандын кайрымдуулук жана лидерлик үчүн абдан мыкты жол башчы болгонун банядаган.

«Сабах» гезити «Эрдогандын бөлмөсү сериал тартуучу жайга айланды» аттуу макаласында Антальяда өткөн Чоң жыйырмалык (G20) жыйналыштары туризм секторун жандантканын маалымдаган.  Президент Режеп Таййип Эрдогандын Чоң жыйырмалык жыйналыштары убагында колдонгон Антальядагы вилла, өзгөчө Жакынкы Чыгыштык сериал тартуучулардын тыгыз кызыгуусун тартканы белгиленген. Вилланы сериал тартуучу жайга айландырган «Чоң үй» сериалынын продюсерлери, үч жмадан бери 70 кишилик топ менен калып жаткан мейманканада 3 айга созула турган сериал тартуусун аткарышууда. Марокко, Сирия, Сауд Арабия, Иордания, Ливан жана Дубайдан келген продюсерлер, Эрдоган жашаган бөлмөдө сериал тартуу үчүн кезекке турушууда. Антальяда араб туристтердин мурдатан резервацияларында чоң өсүү бар.

«Хүррийет» гезити «Стамбулда жаз раллиси» аттуу маалыматында Стамбул Парк, классикалык автомобиль жаз раллиси-2016ны өткөргөнүн маалымдаган. 23-апрель ишемби күнү 100гө жакын классикалык автомобилдин катышуусу менен башталган жаз раллиси, Стамбул жана чөйрөсүндө орто эсеп менен 220 чакырымдык жол тилкесинде 6 атайын этапта аткарылды. Измитке чейин жеткен ралли, жекшемби күнү Стамбулда соңуна чыкты. Укмуш көрүнүштөргө ээ болгон классикалык автомобиль раллиси, көргөндөргө носталгия атмосферасын тартуулады.

«Ватан» гезити «Нобель сыйлыктуу түрк илимпозу гений балдар менен жолугат» аттуу маалыматында Нобель сыйлыктуу түрк профессору Азиз Санжар Бүткүл өтө зээндүүлөр коомунун (TÜZDER) уюштуруусунда «Өтө зээндүүлөр күнү» боюнча 22-майда Стамбулдагы Йылдыз техникалык университетте өтө турган симпозиумда гений жана зээндүү балдар менен жолгугат. Санжар, «Өтө зээндүүлөрдө мотивация» темалуу сунуш жасайт. Биохимия жана биофизика профессору Санжар, мугалим жана ата-энелерге да маанилүү сунуштарды айтат.



Тектеш кабарлар