Түрк басма сөзү-4.04.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

464586
Түрк басма сөзү-4.04.2016

"Йени шафак" гезити "Түркияны террор менен кыйнаганга аракет кылышууда" аттуу макаласында Түркиянын экономикада дүйнөдө 17-орунда болушу, жетилген адам күчү менен дүйнөнүн көзүн кызыктырган өнүгүүсү, эл аралык айрым чөйрөлөрдүн кызгануусун жаратууда экенин жазган. Адистер Түркиянын өнүгүшүнөн тынчсызданган чөйрөлөрдүн террор балээси менен өлкөнүн секириктерин үзгүлтүккө учураткысы келгендердин, Түркияны ПКК, ДЕАШ сыяктуу террор уюмдары менен алагды кылып чаалыктырууга аракет кылгандарын белгилеген. Түркия террор күчөгөн чөйрөдө нормалдуу саясий турмушту жана демократияны жашаткан, жүргүзгөн жалгыз өлкө. Аймакта мындай ийгиликке жетишкен Израиль менен Түркиядан башка өлкө жок.

"Хабер түрк" гезити "Түркия дүйнөгө сыйкордук сабагын берди" аттуу маалыматында премьер-министр Ахмет Давутоглунун дүйнөгө таанымал U2 музыка тобунун ирландиялык солисти Боно жана АКШнын Конгресс мүчөлөрүн Чанкая сарайында кабыл алганын баяндаган. Боно Түркиянын баш калкалоочуларды багуу темасында дүйнөдө биринчи орунда турганын белгилеп, "Бул сиздин кылып жаткандар чындыгында эч болуп көргөн эмес, бул сыйкордук сабагы. Сиз ачкан окуулар бүткүл дүйнөгө сабак болгудай мүнөздө",-деди.

"Сабах" гезити "Эрдогандын ишеним бериши менен Түркияга келе жатабыз" аттуу маалыматында дүйнөлүк дөө шаа абалындагы 21 фирманын башчылары жана жетекчилери Вашингтондо эң көп Түркияга кызыгуу көрсөтүшкөнүн белгилеген. Анда фирмалардын өкүлдөрү Түркиянын күчү менен катар, президент Эрдоган берген ишенич сезиминин өздөрүн Түркияга багыттагандарын маалымдаган.

"Стар" гезити "Орусиянын президенти Путиндин катчысы Дмитрий Песковдун кызы Лиза Пескова, дүйнө жүзүнүн Анкарадагы кол салууга кайдыгер караганын сындаганын жазган. Лиза Пескова инстаграм эсебинен бөлүшкөн маалыматында "Мен Анкарада туулдум. өмүрүмдүн алгачкы жылдарын ал жерде өткөрдүм. Москва мамлекеттик университетинде түрк тилин үйрөнүп жатам. Чөйрөбүздө болуп жаткандардын эки жүздүү экенин сезүүдөмүн. Эмне үчүн интернет түрк желектерине толгон жок? Анкарадагы адамдардын өлүмү, Париждеги адамдардын өлүмүндөй маанилүү эмеспи? Мындайча айтканда террордук кол салуулар дагы маанилүү жана аз маанилүү деп экиге бөлүндү беле? Түркия сени менен чогуумун» деген сөздөрдү колдонду.

«Хүррийет» гезити «NASAнын жаңылыштыгы» деген маалыматында АКШнын Улуттук Аэронаутикс жана космос башкармалыгынын (NASA) изилдөөчүлөрү, кыска мөөнөт мурда Чыгыш Жер Ортолук деңиз аймагында 1998-жылы башталган жана дагы эле уланып жаткан кургакчылыктын акыркы 9 кылымдын эң жаман кургакчылыгы болгонун жарыялады. Токой чарба жана суу иштери министри Вейсел Эроглу, NASAнын эмгектерин жетээрсиз деп тапкандарын айтты. Эроглу NASAнын метеорологиялык аба-ырайын божомолдоолору, биздикинен артта калган, өткөн жылкы божомолдору туура келген жок. Биздин технологиябыз алардан илгериде. NASA, климат көрсөткүчтөрүнө глобалдык түрдө жана узактан кароодо. Биз аймактык жана жергиликтүү божомолдорду кылып жатабыз. Жалгыз эле Түркияга эмес, чөйрө өлкөлөргө да бул тейлөөнү берип жатабыз. Деңиздерде курган станциялар менен аймагыбыздагы эң таасирдүү божомолдорду кылып жатабыз. Алардын спутниктери бар болсо, биздин да Гөктүркүбүз бар»,-деди.



Тектеш кабарлар