Түрк басма сөзү 4. 08.2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

313839
Түрк басма сөзү 4. 08.2015

«Йени шафак» гезити «Азиядан капитал келип жатат» жеген маалыматында Азия инвестициянын багытын Түркияга карата бурганын жазган. Европадан келген инвестициялар бул жылдын биринчи беш айында 47, 5 пайызга азайып, Азиядан болсо 115 пайыздык катнашта өскөн. Түздөн түз инвестицияларда 5 айда капитал кириши 5 миллиард 905 миллионго жетти.
«Хабер түрк» гезити «Биринчи трансплатация 5 жаштагы балага, экинчи трансплатация боло турган болсо Түркия дүйнө лигасына кирет» деген маалыматында ТҮРКӨК жүлүн банкы проектисинин түшүмүн бере баштаганын жазган. 50 миң ыктыярдуудан алынган кандардын 34 миңи иштелип системага кирди жана 13 лейкемия оорулуусуна толугу менен ылайык келген сөөк жүлүнү табылды. Биринчи трансплатация 5 жаштагы балага жасалды, 4 оорулууга болсо бул айда жасалат. Түркия экинчи трансплатация да ишке аша турган болсо Дүйнөлүк жүлүн банкына мүчө болот. Ушундайча Түркиядан АКШ, Германия, Япония сыяктуу бир топ өлкөдөгү оорулууларга жүлүн бере алат. Курган система менен 2 ийгиликтүү трансплатация жасаган өлкөлөр Дүйнөлүк жүлүн банкына автоматтык түрдө мүчө болууда.
«Сабах» гезити «Өлкө тышына программа сатууда» деген маадыматында 14 жыл мурда Стамбулда 3 жаш инженер курган Cardtek бүгүн технология дөөсү өлкөлөргө программа экспорт кылууда. Cardtekтин максаты NASDAQ котэ болуу.
«Ватан» гезити «24 миллион жүргүнчү Стамбулдан өттү» деген макаласында Түркия аэропортторунун маалыматтарына караганда январь - июнь мезгилинде Стамбулдун эки чоң аэропортуна келип – кеткен жалпы жүргүнчү саны өткөн жылга караганда 8, 3 пайызга өсүп, 23 миллион 811 кишиге жетти. 28,8 миллион жүргүнчүнүн 19 миллион 508 миңи Ататүрк аэропортунан учту. Бир гана саякатка чыккан жүргүнчү саны 11 миллион 905 миң киши блуп, булардын 6 миллион 418 миңин да транзит жүргүнчүлөр түзүүдө.
«Стар» гезити «Мусулман өлкөлөрдүн ичинде адал туризмдин биринчи адресибиз» деген макаласында Түркия адал туризмде Ислам Кызматташтык Уюмундагы өлкөлөрдүн арасында Малайзия менен бирдикте биринчи орунду алганын жазган. Глобалдык мусулман саякат индексине караганда эки өлкө адал туризмди тандаган туристтердин 13 пайызын тосуп алууда.
«Хүррийет» гезити «Индиялык миллиардер жана үй – бүлөсү Бодрумда эс алды» деген маалыматында ФОРМУЛА – 1деги ’Sahara Force İndia’ командасынын патрону индиялык миллиардер 61 жаштагы принц Виджей Малья 3 баласы жана жубайы менен люкс яхтасында өткөргөн алты күндүк Бодрум эс алуусун аяктап шаардан кетти. Виджей Малья үй – бүлөсү супер люкс яхталары Indian Empress менен Бодрум булуңдарын кыдырды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар