Түрк басма сөзү 4. 07.2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

331843
Түрк басма сөзү 4. 07.2015

«Йени шафак» гезити «Батыштык күчтөр кан жоготууда, жогорулап жаткан өлкө Түркия» деген маалыматында Доктор кыямат деп билинген инвестиция адиси Марк Фабер Греция кризисинин жооптуусу катары батыштык финансы мекемелерин көрсөткөнүн жазган. Фабер : «Жаңы бир дүйнө тартибинде жашап жатабыз. Батыштык күчтөрдүн таасири барган сайын жок болуп баратат. Түркия, Бразилия, Индия сыяктуу жаңы өлкөлөр жогорулап баратат»,- деди.
«Сабах» гезити «Жакырдык 2 пайызга артка чегинди» деген макаласында Түркияда өкмөттүн мүмкүнчүлүгү болбогон жарандары үчүн берген социалдык жардамдар миллиондогон кишини кубантканын жазган. 3 миллион 6 миң каана социалдык жардамдан, 2 миллион 274 миң каана да айлык маяна сыяктуу иреттүү түрдө жардамдардан пайдаланды. 13 жылда 23 миллиард долларга жеткен социалдык жардамдар жакырдык менен күрөшүүдө дүйнөгө үлгү боло турган ийгиликке жетишти. 2002 - жылы 30, 3 пайыз болгон жакырлар катнашы 2 пайызга төмөндөдү.
«Стар» гезити «Янычарлар 10 миң баклава таркатат» деген маалыматында Кануни Султан Сүлейман мезгилинде башталган «Баклава салтынын» 500 жылдан бери улантылып келе жатканын жазган. Стамбул Фатих муниципалитети азыр тарыхый баклава салтын бул салт жаралган жерде, Султанахметте көркөмдүү салтанат менен кайрадан калктын алдына чыгарууда. Бүгүн Султанахметте курула турган чоң платформада мезгилдин аскердик кийимдерин кийген 100 янычар аскери баклава таркату салтын жандандырат. Негизине ылайык болуп өткөрүлө турган салтанатта 10 миң баклава таркатылат.
«Ватан» гезити «Италиялык шеф Маттео: «Түрктөр жаңы даамдарга абдан жакын» деген макаласында италиялык ашпоз Маттео Бертулеттинин түрк даамдары тууралуу айткандарын билдирген. Түрк ашканасынын абдан тектүү бир маданиятка ээ экенин айткан италиялык шеф : «Түркиянын түштүк батыш ашканасында жалпысынан Жакынкы Чыгыштын издери бар. Эгей аймагынын тамак маданияты болсо толугу менен башка. Стамбул ашканасы ансыз да султандардын ашканасы болгондуктан абдан бай»,- деди. Түрк ашканасында даам тата турган көп нерсенин бар экенин белгилеген Маттео : «Жалпысынан түрктөр ар башка даамдарды таткандан ачык коом. Бул темада тайманбас»,- деди.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар