Түрк басма сөзү 3. 07.2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

330986
Түрк басма сөзү 3. 07.2015

«Ватан» гезити «Чек арага аскер жиберүү» деген маалыматында Сирия чек арасындагы кыймылдуулуктун улантылып жатканын, Газиантептен жолго чыккан көп сандаган танк, ок өткөрбөс унаа жана аскердин Килиске жеткенин жазган. Аскерлердин Өнжүпынар чек ара капкасынын жакындарындагы пункттар менен Элбейли районундагы чек ара жолундагы орчундуу жерлерге жайгаштырылары белгиленди. Килиске кеткен экинчи Армиянын командири армиянын генералы Адем Худути да чек ара жолундагы бөлүктөрдү көзөмөлгө алды. Согуштук учактар болсо Ирак жана Сирия чек арасында үзгүлтүксүз чалгындоо учууларын аткарды.
«Йени шафак» гезити «Биринчи алдыңкылык конституция» деген маалыматында Түркия Жогорку Улуттук Парламентинин спикери Исмет Йылмаз парламенттин биринчи алдыңкылыгынын бардык бөлүктөрдү камтыган жаңы бир конституция болушу керектигин айтты. Йылмаз : «4 партиябыз да түрк калкына жарашкан заманбап баалуулуктарга ылайык, адам укугу жана эркиндигин коопсуздук астына алган жана биздин жергиликтүү жана улуттук баалуулуктарыбыз да ичинде болгон конституцияны түзөбүз деп ойлоймун»,- деди.
«Сабах» гезити «Металл фирмаларынын чоңу Түркияда база курууда» деген маалыматында орустар туризм жана финансыдан кийин эми өнөр жайда багытын Түркияга бурганын жазган. Орустардын эң негизги металл фирмаларынан болгон алюминий фирмасы «Русал» Түркияга келүүгө чечим чыгарган. Биринчи болуп Стамбулда борборун ачкан «Русал» Түркиядагы операцияларынын жетекчилигин Ассан Алюминийдин директору Ихсан Көсеохлуна берди.
«Стар» гезити «Голливуд жылдыздары түрк локумун жешет» деген маалыматында шекер таанытуу тобунун төрагасы Хидайет Кадироглу түрк локуму жана шекерлеринин таанытылуусу үчүн Голливудга барып режиссерлор менен сүйлөшүшөрүн айтты. Кадироглу «Нарния күндөлүгү» деген кинодо түрк локуму желген бир сахнанын бар экенин эске салды. Кадироглу Japon Doutor Coffee чынжырына да түрк кофеси жана түрк локуму консепти менен киришерин айтты.
«Хабер түрк» гезити «Рекортмен Ашык» деген макаласында NBAдеги ийгиликтүү өкүл Өмер Ашыктын New Orleans Pelicans менен 5 жылдыгына 60 миллион долларга кол койорун жазган. 28 жаштагы Ашык ушундайча тарыхынын эң көп киреше тапкан түрк спортсмени деген атты алат. 9 - июлда расмий келишимге кол койо турган Өмер Ашык ала турган 60 миллион долларлык киршеси менен өткөн күндөрдө Орландо менен 52 миллион долларга кол койгон Хидайет Түркоглу жана Утах Жазз менен 50 миллион долларга кол койон Мехмет Окурдан кийин 60 миллион долларга кол койгон спортсмен болот.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар