Түрк басма сөзү 4. 03. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

247797
Түрк басма сөзү 4. 03. 2015

«Стар» гезити «Азияда үчтүк союздаштык» деген маалыматында Түркия, Азербайжан жана Түркмөнстандын ортосундагы кызматташтыктын дүйнөнү жакындан кызыктырып жатканын жазган. Түркмөнстан газынын Каспий деңизинен Европага алып баруу үчүн пикир алышулар болду. Президент Эрдоган Түркияга келген Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедовду президенттик сарайда кабыл алды. Эрдоган Түркмөнстан менен түзүлгөн экономикалык жана саясий кызматташтыктын дагы да алдыңкы деңгээлге чыгарын белгиледи. Бердимухаммедов Чанаккале согуштарынын жүзүнчү жылынан улам апрель айында Түркияда өткөрүлө турган эскерүү иш чараларына катышуу үчүн кайрадан келет.
«Йени шафак» гезити «Португалияга мечит рахматы» деген маалыматында премьер – министр Ахмет Давутоглу Европа Биримдигинин ичинде ашыкча агымдарга жана чет элдик душмандыгына карата кыймылдарга каршы Түркия жана Португалиянын бирдикте кыймыл кыларын айтканын жазган. Португалия жолугушууларына токтолгон Давутоглу : «Лиссабондо барган мечиттен улам Португалия өкмөтүн жана коомун куттуктаймын. Көп маданияттуу турмуштун кандай болушу керектиги тууралуу абдан жакшы үлгү болду»,- деди.
«Сабах» гезити «Кипр Рум башкаруусунун лидери Никос Анастасиадистин Путин менен кол койгон келишим жаңы бир талкуу жаратты» деген маалыматында АКШнын Лефкоша элчиси Жон Коэниг Twitterдан Рум лидердин Орусияга жасаган сапары менен Борис Немцов кол салуусунун арасында байланыш курду. Элчи Рум лидердин Москва зыяраты жана Немцов кол салуусу тууралуу Кипр румдарынын эмне ойлогонун сураган бир суроо берди. Румдар элчинин артка чегинүүсүн суранды. Коэниг үчүн : «Дипломатиялык чектерди ашууда»,- деген Анастасиадис АКШ жана Англияны Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги жаратылыш газ кризисинде Түркиянын жанында орун алуу менен күнөөлөдү. Кипр рум бөлүгү менен Орусиянын ортосунда кол коюлган келишимдин алкагында Рум бөлүгүнүн порттору орус деңиз флотуна ачылган болчу.
«Ватан» гезити «Биржа Стамбул калкка ачылууда» деген маалыматында Биржа Стамбул фирмалашуу жана ишке ашырган стратегиялык өнөктөштүктүн артынан пландаган калкка ачык болуунун негизинде капиталынын эң көп 42, 75 пайызына туш келе турган акцияларын калкка ачуу процессин баштаганын жазган. Биржа Стамбулдун интернет сайтында калкка ачуунун жылдын акырынан мурда ишке ашуусунун күтүлүп жатканы, бирок казына караштуу болгон министрдин бекитүүсү менен калкка ачуунун 2016 - жылга чейин узартылышы мүмкүн экени билдирилди. Маалыматта калкка ачуунун негизинде глобалдык координатор же арачы мекемелерден же өнүгүү жана инвестиция банктарынан сунуш чогултуу мөөнөтүнүн электрондук чөйрөдө 10 - мартка чейин улантылары жарыяланды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар