Түрк басма сөзү 3. 01. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

169860
Түрк басма сөзү 3. 01. 2015

«Акшам» гезити «Йешилюртта жаңы бир чиркөө курулат» деген маалыматында премьер – министр Ахмет Давутоглунун мусулман болбогон азчылык жамааттарынын өкүлдөрү менен Долмабахче сарайында жолугушканын белгилеген. Жыйында рестоврация же эскилердин тапшырылуусунун тышында Түркия тарыхында биринчи жолу жаңы бир чиркөө куруу чечиминин чыгарылганы белгиленди. Ушуга караганда сурияни жамааты тарабынан Йешилюртта чиркөө курулат. Мамлекет да чиркөөнүн участогун бөлүп берет.
«Миллийет» гезити «Дүйнөнүн курулуш инженерлерине түрк жетекчи» деген маалыматында Түркия курулуш инженерлери бирдигинин аткаруучу төрагасы Эмре Айкар дүйнөлүк курулуш өнөр жайынын эң жогорку органы Эл аралык курулуш инженерлери бирдиги конфедерациясынын башкаруу кеңешинин төрагалыгына шайланды. Айкар жалпы 63 өлкө мүчө болгон, 5 триллион АКШ доллары жумуш көлөмү жана жараткан камсыз кылуу менен дүйнө экономикасында маанилүү бир сөз ээсине ээ Эл аралык курулуш инженерлери бирдиги конфедерациясынын төрагалыгын аткарат.
«Стар» гезити «Түркия арзан өндүрүштө Кытайга жетишти» деген маалыматында The Boston Consulting Group тарабынан жарыяланган өндүрүш индексинин наркына караганда өндүрүш өнөр жайында глобалдык тең салмактуулук өзгөрүүдө. Иликтөөгө караганда арзан өндүрүштө Кытай жоготуп, АКШ жогорулоого өттү. Тизмеде ордун сактаган Түркия болсо бир топ чоң маркалар тарабынан аймактык өндүрүш борбору деп тандалууну улантууда.
«Миллийет» гезити «Рекордго жетиштик бирок максатыбызга аз калды» деген маалыматында Түркиянын жалпы экспорту 2014 - жылы 4 пайыздык өсүү менен 157, 6 миллиард долларга жетип бардык мезгилдердин рекордуна жетишкенин жазган. Эң көп экспорт жасалган 5 өлкө кезеги менен Германия, Ирак, Англия, Италия жана Иран болду. Эң көп экспорттун өсүшү болсо ювилердик буюмдар болду. Салык жеңилдигинин берилиши ювелирдик экспортто 38 пайызга өсүү жаратты. 2015 - жылы болсо максат кылынган жалпы экспорт саны 173 миллиард доллар.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар