Түрк басма сөзү 16. 11. 2014

бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

191912
Түрк басма сөзү 16. 11. 2014

«Йени шафак» гезити «Кубадагы ал дөңсөөгө мечит жарашат» деген маалыматында Латын Америка мусулман лидерлер саммитине катышкан президент Р. Т. Эрдогандын Кубадан келген өкүлдөргө чакыруу жасаганын билдирген. Гезит Эрдогандын : «Америка материгине Колумбдан 314 жыл мурда мусулман деңизчилер барган. Колумб эскерүүлөрүндө Куба жээктеринде тоонун чокусунда бир мечиттин болгонунан сөз кылат. Ал дөңсөөгө бүгүн да бир мечит жарашат»,- дегенин жазган.
«Акшам» гезити «Чиркөөгө жасала турган болсо көтүрүлүп чыгышат» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын Израилдин Месжид – и Аксага карата кол салууларына үнсүз калган Батышка катуу каршы чыкканын жазган. Гезит дүйнөдөн Израилге эч бир каршы чыгуунун болбогонуна көңүлдөрдү бурган Эрдогандын буларды айтканын белгилеген : «Алардын ыйык жерлерине каршы биздин өлкөбүздө ушундай нерсе жасала турган болсо дүйнө эмне кылаар эле? Месжид –и Акса бир гана палестиналыктардыкы эмес бүткүл дүйнө мусулмандарынын эки кыбыласынын бирөөсү. Баарыбызга түшкөн жоопкерчилик бар».
«Сабах» гезити «Сирияда 3 – күч макулдашуусу» деген маалыматында премьер – министр Ахмет Давутоглунун чоң жыйырмалар саммитиндеги лидерлер тамагында АКШнын президенти Барак Обама менен жанаша отурганын белгилеген. Гезит Давутоглунун бир сааттык маеги жана келинген жер тууралуу буларды айтканын билдирген : «Сирия жана Ирак тууралуу ансыз да көптөгөн убакыттан бери АКШ менен байланыш ичинбедиз. Акырында бир жерге келдик :Сирияда Эркин Сирия Армиясын күчтүү түрдө колдоо. Тактап айтканда ИШИМ менен Асаддын арасында үчүнчү күч жаратуу». Гезит Давутоглунун бул сөздөрүнө да басым жасаган : «Эң олуттуу тема албетте Сирия жана Ирак болду. Бирок Мьянмада мусулмандарды колдогону үчүн рахмат айттым».
«Ватан» гезити «Өмүр боюу Газага кирүүсүнө тыюу салынды» деген маалыматында Израилдин «Шифа» ооруканасында 3 жылдан бери миңдеген палестналыкты дарылаган, болгондорду баяндап берген норвегиялык дарыгер Мадс Гилберттин Газага киришине өмүр боюу тыюу салынганын жазган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар