Түрк басма сөзү 22.10.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

166321
Түрк басма сөзү 22.10.2014

«Сабах» гезити «АКШ, Түркиянын үч шартын кабыл алды» аттуу кабарында Түркиянын, Пешмергенин жерлеринен Кобаниге өтүшүнө уруксат беришинин артында үч маанилүү шарт жатканы белгилүү болгонун жазган.
Анда, АКШ тарабынан кабыл алынган шарттарга ылайык:
«-Кобаниде түзүлө турган коргоо бөлүктөрү террор уюму PYD-PKK көзөмөлүнө өтпөйт. Сирия күрттөрү улуттук мажлисинин токтому боюнча бүтүндөй күрт топтордон турган коопсуздук күчүн түзөт.
-Террор уюму PYDнын демократиялык автономия сыяктуу опузасына орун берилбейт.
-ИШИМ террору соңуна чыкканда курула турган демократиялуу Сириянын территориясында элдердин чечими урматталат»,-деген шарттар орун алган.
«Йени шафак» гезити «3-Атомдук станция жүз пайыз жергиликтүү болот» деген кабарында энергетика министрлигинде маалыматтандыруу жыйынына катышкан премьер-министр Ахмет Давутоглу энергия менен камсыздоону гарантияга алуу үчүн атомдук энергиянын шарт болгонун айтканын жазган.
Гезит Давутоглунун, «Үчүнчү атомдук станцияны 2018-2019-жылдардан баштап 100 пайыз улуттук мүмкүнчүлүк менен салуу темасында керектүү иштерди баштатуу буйругун бердим»-деп актанын жазган.
«Стар» гезити «Райзер Түркия карапайым болбошу керек» деген кабарында Дүйнөлүк банктын Түркия боюнча директору Мартин Райзер Түркиянын күчтүү финансы сектору жана түптүү киришүүчүлүк салтын мактап, «Түркия үстөмдүктөрү темасында карапайым болбошу керек»,-дегенин баяндаган.
Гезит Дүйнөлүк банктын орто эсеп менен 3 жылдан бери Түркия боюнча директорлугун жүргүзгөн Мартин Райзердин Түркиянын аймактагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу мүмкүнчүлүгү дагы жогору болгонун баса белгилеп, «Түркиянын айрым өзгөчөлүктөрү аны ылайыктуу жана күчтүү абалга келтирүүдө. Бул өзгөчөлүктөрдүн башында жаш калкка жана жогорку өсүү потенциялына ээ болуусу жатат»,-дегенин маалымдаган.
«Акшам» гезити «Качкындарга адилеттик ак көшөгөдө» аттуу кабарында быйыл төртүнчүсү уюштурулган Эл аралык Кылмыш жана жаза кино фестивалынын башкы темасы «Ар ким үчүн адилеттик» астыңкы темасы болсо «көч» экендигин маалымдаган.
Стамбул университетинин укук факультетинин жол башчылыгында аткарылган фестивалда качкындардын маселелерине коомчулукта көңүл бурулушу, укукту билүү жана адилеттик түшүнүгүнүн өнүктүрүлүшү максатталган.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар