Түрк басма сөзү 15.10.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

157653
Түрк басма сөзү 15.10.2014

«Акшам» гезити «Түркия операцияга катышабы?» аттуу маалыматында АКШнын президенти Барак Обама арасында Түркия жана Сауд Арабстан да болгон орто эсеп менен 20 өлкөнүн жогорку деңгээлдеги аскердик жооптуулары менен ИШИМ менен күрөшүү стратегиясын сүйлөшкөнүн жазган.
Гезит АКШнын башкы штабынын төрагасы Мартин Демпси жетектеген жыйналыштын кечээки бөлүмүнө президент Барак Обама да катышканын белгилеген.
Обама коалиция лидерлеринин аскердик лидерлеринин ИШИМ менен күрөшүүнүн жалгыз гана аскердик иш-чара болбой турганы боюнча макулдашкандарын белгилеп, «Каршыбызда аянтта жеңилүүгө учурата турганыбыз жана толугу менен багынып бере турган классикалык армия түзүлүшү жок. Биз согушкан башка бир нерсе да аймактын бир топ жерине сүңгүп кирип кеткен радикал идеология»,-деди.
«Хабер түрк» гезити «Сирия жана ирактык чет өлкөлүктөр үчүн 4 жаңы координация борбору курулат» аттуу кабарында Измирде Түркияга келген сириялык жана ирактык качкындардын каттоого алынышы максатында 4 жаңы координация борбору ачылганын билдирген.
Гезит жооптуулар Сирия жана Ирак тектүү чет элдиктердин саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык жардам кызматтарынан пайдалана алуулары үчүн катоо иштерин жасоолорунун мажбур болгонун баса белгилеген.
«Йени шафак» гезити «Түркиянын дары дармек индустриясы Парижде таанытылды» деген кабарында Түркиянын дары-дармек индустриясы быйыл Парижде өткөрүлгөн дүйнөнүн эң чоң жана кеңири дары-дармек жарманкесинде (CPhI Worldwide) ачылган стенд менен таанытылганын баяндаган.
Гезит сапаттуу адам күчү жана жогорку технология менен өнүккөн өлкөлөр менен атаандаша турган потенцияга ээ болгон товарлар, катышуучулардын кызыгуусун тартканын маалымдаган.
«Сабах» гезити «Кореялыктар миллиард доллардык инвестиция үчүн келишүүдө» аттуу «Коопсуз өлкө» катары билинген Түркияга эң акырында Кореядан да бир инвестиция делегациясы келе жатканын жазган.
Гезит Кореянын эң ири мамлекеттик 25 фондунун башкаруучулары, Түркиянын "Канал Стамбул" жана "3-Көпүрө" сыяктуу ири проекттерине инвестиция салуу жана капитал базарлары туурасында маалымат алуу үчүн 16-17-Октябрда Стамбулга келээрин белгилеген.
«Стар» гезити «Мунай зат баасы 2015-жылы да бизге жарайт» деген кабарында Эл аралык энергетика агенттиги (IEA) 2015-жылы мунай зат талабындагы өсүүнүн божомолдонгондон абдан төмөн боло турганын жана мунай зат бааларынын төмөндөөсү улана турганын жарыялагынын жазган.
Гезит брент мунай зат баасы, доллардагы баа берүүнүн да таасири менен 88 доллардын астына түшүп, 4 жылдын эң төмөн деңгээлине түшкөнүн жана төмөн мунай зат баасы Түркиянын ишине жарай турганын билдирген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар