Түрк басма сөзү 14.10.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

156542
Түрк басма сөзү 14.10.2014

«Радикал» гезитинин интернет барагы «Европа Биримдигинен кобаниликтерге жардам» аттуу кабарында Европа Биримдиги Комиссиясы ИШИМдин кол салууларынын астындагы Кобаниден качып Түркияга баш калкалаган качкындарга жардам берүү токтомун чыгарганын жазган.
Гезит Комиссиянын жекшемби күнкү жарыясында 3,9 миллион евролук жардамдын Түркияда кызмат кылган гуманитардык жардам берүүчү мекемелерге өткөрүлө турганы белгиленгенин баяндаган. Жиберилген акча качкындардын баш калкалоочу жайы, ичиле турган суусу, азык түлүк материалы жана дары-дармек сыяктуу муктаждыктарынын камсыздалышы үчүн жумшалат.
«Сабах» гезити «Дин иштери башкармалыгынын фонду жети материкте майрам кубанычын жашатты» деген кабарында Түркиянын Дин иштери боюнча башкармалыгынын фонду 70 өлкө 558 аймак менен өлкө ичинде 174 област жана райондук борбордо башкалардын атынан багыштап мал союу жана таркатылышын аткарганын жазган.
Гезит Фонддун бул катнаштын өткөн жылга салыштырмалуу 52 пайыздык өсүү көрсөткөнүн баса белгилеген.
«Акшам» гезити « Жүз таануу системасы менен Токио-2020 олимпиадаларына талапкербиз» деген маалыматында курулуш, текстиль, азык-түлүк жана тейлөө секторлорунда дүйнөнүн ар башка өлкөлөрүндө иш алпарган түрк демилгечилер, технология тармагында маанилүү ийгиликке жетишкенин белгилеген.
Гезит билим алуу үчүн Японияга барган Сади Вуралдын жүз таануу технология фирмасы менен дүйнөлүк марка болуу жолунда илгерилегенин маалымдаган. Анда «Токио-2020 олимпиадалары үчүн жүз таануу боюнча талапкер фирмабыз»-деген Вурал, NIST Америка стандарттоо борборунда дүйнө экинчиси болгондорун баса белгилеген.
«Хабер түрк» гезити «Газды бастык» деген кабарында автомоболь өнөр жайы коому сетябрь айында автомобиль өндүрүшүнүн 4 пайыз өсүү менен 116,281 даана болгонун, экспорттун болсо 8 пайыз өсүү менен 83,111 даана болгонун жарыялаганын белгилеген. Ушундайча экспорт алгачкы 9 айлык мезгилде 6 пайыз өсүү менен 653,084 даанага жеткен.
«Миллийет» гезити «Францияга ачылды, кезекте Орусия бар» аттуу кабарында эркин өнөр жайчы жана ишкерлер коому (MÜSİAD) Франциянын борбор шаары Парижде өкүлчүлүк ачканын баяндаган.
Гезит жетекчи Наил Олпактын MÜSİADдын 60 өлкөдө 155 жерде өкүлдүк кылынганын белгилеп, Брюссель, Вашингтон жана Пекин сыяктуу глобалдык токтом чыгарылуучу борборлордо, Москва жана Эфиопиянын борбору Адис-Абабада өкүлчүлүк ачылышы үчүн иш-чаралар улантылганын түшүндүргөнүн маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар