Түрк басма сөзү 4. 10. 2014

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

149641
Түрк басма сөзү 4. 10. 2014

Бүгүн ислам ааламынын диний майрамдарынан Курман айт майрамынын биринчи күнү. Биз да ислам ааламынын майрамын куттуктап, бүткүл дүйнөгө тынчтык алып келүүсүн каалайбыз.
«Йени шафак» гезити «Алар майрамдашпайт» деген маалыматында Түркиянын 1 миллион 800 миң сириялык, 2 миллион «конок» менен майрамга киргенин жазган. Качкындар Түркияга ыраазы болушса да үйлөрүн сагынып жана майрамды өлкөлөрүндө өткөрүүнү каалашат.
«Миллийет» гезити «Түркия аймактын бир гана үмүтү» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын Курман айт майрамына арналган куттуктоосун жарыялаган. Эрдоган куттуктоосунда : «Тарыхыбызда болгондой, бүгүн да чоң жана күчтүү бир мамлекет болуунун негиздерин орундатууда; ичкериде жана тышта үмүттү жандандыруу үчүн аракет кылуудабыз. Биз аймагыбызда тынчтык, бейкуттук, коопсуздук жана бейкуттукту каалайбыз. Аймагыбыздагы эч бир өлкөнүн ички иштеринде, жерлеринде көзүбүз жок. Бирок аймактык кризистер менен термелип жатканда жөн гана карап тура албайбыз»,- деди.
«Хабер түрк» гезити да президент Эрдогандын Сүлейман Шах Сайгы полициялык пунктунун кызматкерине таянып жарыялаган билдирүүсүн «Эрдогандан Сүлейман Шах билдирүүсү» деген маалымат жарыялаган. Президент билдирүүсүндө : «Жалгыз эмессиңер. Керек болгон учурда Түрк Куралдуу Күчтөрүбүз кеч калбастан жаныңарда болот»,- деди.
«Йени шафак» гезити «Швеция Палестинаны тааныды» деген маалыматында Швециянын жаңы шайланган борбордук – сол өкмөтүнүн Палестина мамлекетин тааныганын билдирди. Швеция бул кыймылы менен Палестинаны тааныган биринчи чоң Европа өлкөсү болду.
«Миллиет» гезити «Тынчтык телефонуна Түркиядан маалымат» деген кабарында 40 өлкөдөн 100 элчинин бүткүл дүйнөдө «Согушту каалабайбыз» дей турганын белгилеген. Биринчи дүйнөлүк согушунун 100 жылдыгынан улам бүгүн баштала турган «Тынчтык телефону» аттуу иш чарада согушка катышкан өлкөлөрдөн 100 элчи бири бирине телефон чалып тынчтыкка чакырышат. Түркиянын маалыматын да 44 жаштагы Ада Сунгар билдирет, дүйнөлүк согуштарга каршы чыгат.
«Хүрриет» гезити «Перилер жарым финалда» деген маалыматында дүйнөлүк аялдар баскетбол чемпиондугунун чейрек финал беттешүүсүндө Сербияны 62 – 61ге жеңип, атын жарым финалга жаздырганын жарыялаган. Маалыматка караганда Түркия жарым финалда бүгүн кечки саат 19да Испания менен беттешет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар