Тарыхта бүгүн

Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.

1553485
Тарыхта бүгүн

1517-жылдын 30-декабрында үч динди тең ыйык деп эсептеген Кудс шаары, Явуз Султан Селим тарабынан басылып алынды. 1917-жылга чейин Осмон бийлигинин көзөмөлүндө болгон Кудста 400 жылга созулган «тынчтык жана бакубаттык» мезгили башталды.

1916-жылдын 30-декабрында Орусияда падышачылыктын үй-бөлөсүн өз карамагына алгандыгы айтылган Григорий Ефимович Распутин Санкт-Петербургдагы Юсупов сарайында орус дворяндары тарабынан өлтүрүлдү.

2006-жылдын 30-декабрында Ирактын АКШ тарабынан басылып алынышынан кийин туулган жери Тикритке жакын жерде кармалган жана 142 адамдын өлүмүнө алып келген Дюсейл кыргынынан улам сот тарабынан өлүм жазасына тартылган Саддам Хүсейин дарга асылды.



Тектеш кабарлар