Тарыхта бүгүн

Тарыхта бүгүн болгон окуялар.

1488478
Тарыхта бүгүн

1948-жылдын 11-сентябрында, Пакистандын туңгуч президенти Мухаммед Али Жинна 72 жаш курагында Карачи шаарында көз жумду.

1973-жылдын 11-сентябрында, Чилинин президенти Сальвадор Альенде, генерал Пиночеттин жетекчилигиндеги армия тарабынан бийликтен кулатылды. Төңкөрүш учурунда Альенде өлтүрүлдү.

2001-жылдын 11-сентябрында, АКШнын Нью-Йорк шаарындагы «Эгиз мунара» деп аталган Дүйнөлүк соода борборуна жана Пентагонго жүргүнчү учактары менен террордук кол салуу болду. Аль-Каида террордук уюму тарабынан жасалган кол салуулардын кесепетинен 2976 адам каза болуп, 6300 адам жаракат алды. Тарыхта "11-сентябрдагы кол салуулар" деп катталып калган окуядан кийин АКШнын администрациясы, Ооганстан менен Ирактын басылып алышына себеп болгон саясий жана аскердик жараянды баштады.



Тектеш кабарлар