Тарыхта бүгүн
Тарыхта бүгүн болгон окуялар.
1485903
70-жылдын 7-сентябрында, Император Тит башкарган Рим армиясы жөөттөрдүн көзөмөлүндөгү Кудска кол салып, талап-тоноду.
**
1776-жылдын 7-сентябрында, дүйнөдө биринчи жолу деңиздин түбүндө сүзүп жүрүүчү кемеге кол салуу уюштурулду. АКШнын Көз карандысыздык согушу маалында америкалыктар чыгарган "Таш бака" деп аталган деңиздин түбүндө сүзүп жүрүүчү кеме Нью-Йорк портундагы Британиянын деңиз флотуна караштуу "HMS Eagle" кемесинин астына бомба жайгаштырды бирок чабуул ийгиликсиз болду.
**
1940-жылдын 7-сентябрында, Экинчи Дүйнөлүк согушта Германиянын аба күчтөрү Лондонду бутага алган жана 57 күнгө созулган аба соккуларын баштады. Бул бомбалоолор "Блиц" деп аталып калды.