Тарыхта бүгүн

Тарыхта бүгүн болгон окуялар.

1484541
Тарыхта бүгүн

1063-жылдын 4-сентябрында, Улуу Селжук Империясынын негиздөөчүсү Тугрул Бей, Ирандын Рей шаарында 73 жашында дүйнөдөн кайтты. Анын агасы Чагры Бейдин уулу Алпарслан Улуу Селжуктун өкүмдары деп жарыяланды.

**

1919-жылдын 4-сентябрында, Мустафа Кемал Пашанын ачылыш сөзү менен Сивас конгресси өз ишин баштады. Конгресс Анадолу баскынчылыгына каршы Анадолу жана Румели Укуктарды Коргоо коомун жана 15 кишиден турган Өкүлчүлүк комитетин түзүүнү чечти. Өкүлчүлүк комитетинин башчылыгына да Мустафа Кемал Паша шайланды.

**

2009-жылдын 4-сентябрында, Афганистандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясында Талибан согушкерлери тарабынан уурдалып кетти деп болжолдонгон мунай танкерлерине НАТОнун учактары тарабынан жасалган абадан кол салууда 90 адам каза болду.



Тектеш кабарлар