Тарыхта бүгүн

Тарыхта бүгүн болгон окуялар.

1355333
Тарыхта бүгүн

1904-жылдын 8-февралында Япон деңиз күчтөрү Порт-Артур портуна күтүлбөгөн жерден кол салып, орус флотун талкалап жок кылды. Бул кол салуунун себебинен Орусия менен Япониянын ортосунда орто эсеп менен 1,5 жылга созула турган согуш башталды.

1935-жылдын 8-февралында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын 5-чакырылыштагы шайлоосунда түрк айымы биринчи жолу шайлоо жана шайлануу укугун колдонду. 17 аял эл өкүлү биринчи жолу Түркия Улуу Улуттук Жыйына кирди.

1963-жылдын 8-февралында Иракта «Баас» төңкөрүшү болду. 1958-жылы король Фарук II өлтүрүлгөн төңкөрүштүн негизинде бийликти колго алган премьер-министр Абдулкерим Касым, Баасчы офицерлер тарабынан уюштурулган төңкөрүштө бийликтен четтетилди жана жок кылынды.

1989-жылдын 8-февралында Чартер каттамдарын жүргүзгөн жүргүнчү учагы Португалиянын Азор аралдарына кулап түштү. Учактагы 144 киши көз жумду.



Тектеш кабарлар