Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1341305
Тарыхта бүгүн

1928-жылдын 16-январында мурунку Советтер союзунда Сталин бийлиги кулатылды. Сталин менен бийлик үчүн күрөшкөн Лев Троцкий да арасында болгон оппозициячыл саясатчылардын өлкөнүн тышына сүргүнгө айдалышына чечим чыгарылды. 20-январда сүргүнгө айдалган Троцкий, жубайы жана уулу менен 14-февралда Түркияга келди. Троцкий 4 жарым жыл Стамбулда жашады.

1970-жылдын 16-январында Ливияда 1969-жылдагы төңкөрүштүн негизинде «Эркин офицерлер кыймылы» үчүн бийликти колго алган Муаммер Каддафи, жаңы баш мыйзам күчүнө киргенден кийин Премьер-министрлик жана Коргоо министрлиги кызматтарын милдеттенди. 40 жылдан ашуун убакыт Ливиянын жалгыз лидери болгон Каддафи, 2011-жылы өлкөдөгү кагылышуудан кийин жашырынган Сирт шаарында токмоктолуп өлтүрүлдү.

1991-жылдын 16-январда АКШ менен шериктештери Кувейтти басып алган Иракка каршы «Чөл шамалы» операциясын баштады. Операцияда алгач абадан кол салуулар жана ракеталык чабуулдар болду. Тарыхка Биринчи Перс булуңу согушу деп катталган «Чөл шамалы» операциясы башталганы боюнча Ирак армиясы да Израилди скад ракеталары менен бутага алды.



Тектеш кабарлар