Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1334062
Тарыхта бүгүн

1969-жылдын 4-январында 1965-жылы кол коюлган «Расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө эл аралык келишим» күчүнө кирди. Келишимдин ишке ашырылуусу үчүн БУУнун карамагында 18 мүчөдөн турган «Расалык басмырлоого бөгөт болуу» комитети түзүлдү. 1972-жылы келишимге кол койгон Түркия келишимди 2001-жылы бекитти.

1990-жылдын 4-январында Пакистандын Синд аймагында үрөйдү учурган поезд кырсыгы катталды. Жүргүнчүлөрдү ташыган поезд жүк ташуучу поезд менен кагышты. Кырсыкта 307 адам көз жумду.

2006-жылдын 4-январында Сабра жана Шатилла лагерлериндеги кыргындын айынан палестиналыктар «Касап» деп аташкан Израилдин премьер-министри Ариэл Шарондун мээсине кан тамып жана комага түшүп калды. 2000-жылы Кудста Гарем-Шарифке сапарында 2- Интифаданын башталуусуна себеп болгон Шарон, Палестианын жерлерин экиге бөлгөн дубалды да ойлоп тапкан ысым эле. Ариэл Шарон 8 жыл комада жаткандан кийин 2014-жылдын 11-январында каза болду.

2010-жылдын 4-январында дүйнөдөгү көк тиреген имарат наамын алган бийиктиги 830 метр болгон Дубайдагы «Бурдж-Халифа» («Халифа мунарасы») салынып бүттү. Мурунку наам Шанхай Towerге таандык эле.



Тектеш кабарлар