Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1331592
Тарыхта бүгүн

*** 1612 -  жылы 28 -  декабрда Галилео Галилей нептун планетасын тапты бирок италиялык илимпоз нептунду жылдыз деп аныктады.

*** 1878 -  жылы 28 -  декабрда Британиянын Дунди шаарына жакын бир темир жол көпүрөсү поезд өтүп бара жаткан учурда кулады: 78 киши каза болду.

*** 1895 -  жылы 28 – декабрь күнү Лумиере бир туугандар тарткан фильмдер «Поездин La Ciotat  станциясына келиши», «Бөбөктүн чыр  - чатагы, темирчи» Парижде биринчи жолу көрсөтүлдү. Париждиктер биринчи киного абдан чоң кызыгуу көрсөтүштү.

*** 1922 – жылы 28 -  декабрда болсо «Жөргөмүш адам», «Халк» жана «Х Мен» сыяктуу комикстери менен таанылган АКШлык жазуучу Стен Ли төрөлдү.

*** 1973 -  жылы 28 -  декабрда адам укуктарын коргоочу жана жазуучу Александр Солженицын советтик абактардан сөз кылган «Гулаг аралдары» аттуу чыгармасын жарыялады.

*** 2004 -  жылы 28 -  декабрь күнү «Өлүм туннели», «Жанар тоо сүйүктүүм» сыяктуу бир топ чыгармаларды жараткан АКШлык жазуучу Сюзан Сонтаг 68 жашында каза болду.

 

 



Тектеш кабарлар